Президент «Азия Микс» КВН командасын «Данакер» ордени жана жеке кол сааттар менен сыйлады

Шайырлар жана тапкычтар клубунун «Азия Микс» командасынын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевден ардактуу «Данакер» орденин жана кол сааттарды алышты. Команда бул орденди экинчи жолу алып жатат.

Мамлекет башчысы «Азия Микс» КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаровго «Данакер» орденин тапшырды. Бул орденди элдердин арасындагы тынчтыкка, достукка жана кызматташтыкка салым кошкон кыргызстандыктар алышат. Ал ошондой эле команданын мүчөлөрүнө кол саат белекке берди.

«Биздин өлкөдө жаркын таланттар, эмгекчил жана жанын аябаган адамдар абдан көп. Биз ошолордун мисалында жаштарды тарбиялашыбыз керек», — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент «Азия Микс» командасын экинчи ирет «Данакер» ордени менен сыйлап отурат.

Команданын катышуучулары КВНдин Жогорку лигасында жеңишке жетишкенден кийин өкмөттөн 300 миң сом сыйлык алган.

Кыргызстандык «Азия Микс» командасы Шайырлар жана тапкычтар клубунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен биринчи борбор азиялк команда болду.


ТЕМА БОЮНЧА: