Трамп АКШга алты өлкөнүн мигранттарын киргизүүгө тыюу салуу жөнүндө жаңы жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп негизинен мусулман калкы жашаган алты өлкөдөн келген мигранттарды Кошмо Штаттарга киргизүүгө тыюу салуу жөнүндө жаңы жарлыкка кол койду. Мурдагы жарлыкты Сиэтлдин Федералдык соту токтоткон.

Трамп негизинен мусулман калкы жашаган алты өлкөдөн — Ирандан, Сириядан, Судандан, Ливиядан, Сомалиден жана Йеменден келген мигранттарды АКШга киргизүүгө тыюу салган экинчи жарлыкка кол койду.

Жарлык бул өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө 90 күнгө чейин тыюу салат. Визасы барлар АКШга тоскоолдуксуз кире алышат. Жарлык туруктуу жашаганга укук алган адамдарга тиешеси болбойт.

Жаңы жарлык 16-мартта күчүнө кирет. Качкындар АКШга 120 күн бою кире албайт. Сириядан келген качкындарды кабыл алууну мөөнөтсүз токтотуу жөнүндө ченем жарлыктан алынып салынды.

Документте жарандарына кирүүгө убактылуу тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесинен Ирак чыгарылганы, анткени бул өлкө «жолго чыгуучу документтерди көзөмөлдөө жана маалымат алмашуу боюнча кадамдарга барганы» айтылат.

Президент Трам мындай чаралар мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылыш үчүн зарыл деп эсептейт.

Миграцияга байланышкан биринчи жарлыкка Трамп 28-январда кол койгон. Ал Кошмо Штаттарга кирүүгө Судандын, Йемендин, Ливиянын, Сомалинин, Ирактын, Ирандын жана Сириянын жарандарына 90 күндүк тыюу салган.

Башка өлкөлөрдөн келген качкындарды кабыл алуу программасы 120 күнгө токтотулган. АКШ президентинин жарлыгына ал тургай кош жарандыгы бар кишилер же жөн эле АКШ аркылуу транзит менен өтүп бараткан адамдар да туш болгон.

Бирок 4-февралда Вашингтон штатынын Сиэтл шаарындагы Федералдык сот бул жарлыктын күчүн токтоткон. АКШ президентинин жарлыгынын айынан жокко чыгарылган 100 миңден ашуун визаны АКШын визалык органдары калыбына келтире баштаган.

Трамп бул чечимге каршы АКШнын Апелляциялык сотуна каршы даттанууга аракет кылган, бирок соттор негизинен мусулман калкы жашаган жети өлкөнүн жарандарын киргизүүгө тыюу салууга негиз бар экенине президенттик администрация эч кандай далил келтире алган жок деп бүтүм чыгарган.

Жарлык тууралуу маалымат чыгаары менен АКШнын ири аба майдандарында жана шаарларында көптөгөн нааразылык акциялары өткөн. Аба майдандарында нааразылык билдирип жаткандарга миграциялык кызматтар өлкөгө киргизбей койгон адамдарга бекер жардам берүүгө даяр экенин билдирген юристтер да кошулган.


ТЕМА БОЮНЧА: