«2010-жылда революция болду деп айтканга болбойт»: Курманбек Бакиев «Азаттык үналгысынын» эфиринде эмнелерди айтты?

Сүрөт: Андрей Александров

Кыргызстандан куулган президент Курманбек Бакиев «Азаттык үналгысынын» беларус кызматына маек курду. Ал Беларустагы жашоосу, 2010-жылдагы революция жана Кыргызстандагы саясий абал боюнча айтып берген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин «Азаттык үналгысынын» журналисти Анна Соусь менен болгон маегинин кыскартылган котормосу. Интервьюнун толук версиясын төмөнкү видеодон көрсөңөр болот.

Анна Соусь: Сиз чанда интервью бересиз. Сиз менен макулдашыш үчүн менин дээрлик бир жылым кетти. Эмне үчүн азыр макул болдуңуз?

Курманбек Бакиев: Туура айтасыз. Качан мен премьер-министр болуп турганымда, президенттикти айтпай эле коёюн, азыраак интервью бергенге аракет кылчумун. Ачыгын айтканда, интервью бергенди жактырбайм.

Мен сүйлөгөнгө караганда иш менен алектенгенди көбүрөөк жактырган адаммын. Аз иш кылып, көп сүйлөгөн адамдар бар. Мен азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштеген адамдардын тобуна кирем, ошондуктан [интервью бербедим окшойт].

Азыр эми убакыт келди, Кыргызстанда да, дүйнөдө да көп окуялар болуп жатат. Дүйнө кыймылдуу, кызыктуу, ошондуктан биротоло жабылып алуу, менин оюмча, туура эмес. Ошон үчүн сиз менен жолугушууга макул болдум.

Беларустагы жумушу тууралуу

Анна Соусь: Азыр эмне менен алектенесиз?

Курманбек Бакиев: Азыр комментарий бербей эле турмакмын. Анткени муну саясий окуяга айланткым келбейт. Кийин анан мунун айланасында ар кандай ушак-айыңдар башталып кетет. А бирок жашыра турган эч нерсем деле жок.

Кеңешчи (консультант) катары иштейм. Бул жерде мени мурдагы өнөктөштөрүм колдонот. Мына ушундай иш. Мен жумуш менен аз эле алектенем. Көбүнчөсү балдарым, неберелерим, өзүмө көбүрөөк көңүл бөлөм — мурда убакыт болбойт эле.

Анна Соусь: ЖМКда сиздин Беларустагы айыл чарба долбоорлоруна инвестиция салып жатканыңыз тууралуу маалымат пайда болгон эле. Бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка туура келет?

Курманбек Бакиев: Билесизби, ушактар, мындайча айтканда, жөн эле чыга бербейт. Азыркы күнгө чейин мен эч качан, эч кандай компанияга акча салган эмесмин. Бул маалымат чыгаары менен кыргызстандыктар муну дароо эле текшеришкен.

Прокуратурабы же… билбейм, мен кайда, эмне менен алек болуп жатсам, аларга эмне? Бирок алар текшеришип, ал жерде менин жок экениме ишенип калышты. Мен эч кайсы компанияга акча салган эмесмин, салбайм дагы. Балким, келечекте, аны убакыт көрсөтөт.

Аскар Акаев тууралуу

Анна Соусь: Аскар Акаевге мамилеңиз өзгөрдүбү? Аны менен кандайдыр байланышыңыз барбы?

Курманбек Бакиев: Жок, байланышыбыз жок. Аны менен эч качан өзгөчө мамиледе болгон эмесмин.

Ал президент болчу. Мен алыстагы тоолуу райондун жетекчиси элем. Кыргызстандагы эки ири облуста, түштүктө, түндүктө жетекчи болдум, премьер-министр болуп иштедим, эки жолу парламентке шайландым.

Биздин мамилебиз жумушчу, кадыресе мамиле болчу. Ал президент, мен кол алдындагы кишиси. Мен аны эч качан душман деп эсептеген эмесмин.

Аскар Акаев. Сүрөт: Петр Титоренко.

Анна Соусь: Бул жерде мен «жоогазын революциясынан кийин» ал да, сиз да өлкөдөн кеткенге мажбур болгонуңарды айтып атам. Ар кандай жагдайда. Ошентсе да окшош себептери бар. Куулган президент катары сиздин ага мамилеңиз өзгөрдүбү?

Курманбек Бакиев: Ал 15 жыл иштеди. Базар мамилелерине өтүүдө көп эмгек кылды. Кыргызстан — [СССР кулагандан кийин] өз валютасына өткөн Борбор Азиядагы саналуу мамлекеттердин бири. Демократиялык өзгөрүүлөр көп болгон. Акаевдин эмгегин танып койгонго болбойт.

Абдан жакшы реформалар болуп келаткан, бирок реформалар тегиз жүрбөйт. Беларустан айырмаланып агрардык тармактагы реформа айрыкча начар болду. Ал жерде [Кыргызстанда] колхоздордун баарын талкалашты, ошондуктан 1995-1996-жылдары адамдар ачкачылыктын чегинде болчу. Бул чоң жаңылыштык болгон.

Жалпысынан мен [Акаев] 1997-98-жылдарга чейин натыйжалуу иштеген деп эсептейм. Турмуш деген турмуш. Эч ким таптакыр ката кетирбей коё албайт. Мамилем өзгөргөн жок. Мен ага мурда кандай жакшы мамиледе болсом, азыр деле ошондой мамиледемин.

2005 жана 2010-жылдагы революциялар тууралуу

Анна Соусь: 2005, 2010-жылдары эмнелерди башкача кылса болоор эле?

Курманбек Бакиев: Билесизби, 2005-жылдын 24-мартынан кийин мен жана командам негизинен экономикага басым жасадык. Өлкөнү укуктук алкакка багытташ керек болду. Бардыгы экономика, өндүрүш менен алек болуп, ошого берилип кетишти. Мен президент жана башкы командачы катары атайын кызматтарды жана укук коргоо органдарын көз жаздымда калтырдым.

Биз аларды материалдык камсыздоо менен алек болдук, бирок экономика менен өндүрүшкө көбүрөөк көңүл бурдук. Азыр ким айтканы эсимде жок, бирок кайсы бир мамлекеттик ишмердин мындай бир сөздөрү бар: «Чалгыны жок өлкө — сокур, ал эми контрчалгыны жок өлкө — келечеги жок». Мен буга 2010-жылы көзүм жетти.

Менин мамилем мындай болчу: министрликтерде тиешелүү жетекчилер, Улуттук копсуздук кызматы (УКК), ИИМ, армия болгондон кийин өз иштери менен алек болушсун, мен аларды дайыма эле эмне… деп ойлочумун. Мен бул түзүмдөр менен эмес, көбүнчө өндүрүш менен экономика, адамдардын жашоосун жакшыртуу менен алектенүү жаныма жакын. Бул менин жаңылыштыгым болгон деп эсептейм.

Анна Соусь: Эгерде 2010-жылдын окуялары тууралуу айта турган болсок, эмнеге баарынан катуу өкүнөсүз?

Курманбек Бакиев: Мен куралдуу мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатканын билбегенибизге өкүнөм. Мен жаңы эле президент болгон 2005-жылдан тартып 2007-жылга чейин Кыргызстанда 1500дөн ашык митинг болуп өттү. Биз муунткан жокпуз, кыскан жокпуз, кыйкыра беришсин. Эл чыгып, кыйкырып жатты. Ушунча көп митинг, өзүңөр түшүнүп турасыңар. Аларга көңүл бурбай, көбүнчө өндүрүш, экономика менен алек боло бердик. Дал атайын кызматтарга мен жетиштүү көңүл бурган жокмун. Бурсам болмок экен.

2010-жылда революция болду деп айтканга болбойт. Эмнеге экенин түшүндүрүп берейин. 2005-жылы революция болгон, 2010-жылы болгон жок. 2005-жылы Кыргызстандын бардык аймактары көтөрүлгөн. Эмне үчүн? Эл парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого нааразы болчу, ошондуктан бардык облустар көтөрүлгөн.

2010-жылдын 7-апрели.

Ал эми 2010-жылы 2000ге жакын жакшы куралданган адамдар Өкмөт үйүнүн жанында автоматтардан, пулеметтордон, гранатометтордон ок атып, ал тургай кайсы бир жерден бронетранспортер айдап келип, ири калибрдүү пулемёттон Өкмөт үйүн аткылап жатышты. Бул 2010-жылы болду. Муну революция деп айта албайсың.

Баары 7-апрель жөнүндө айтып жатышат, бирок окуялар 6-апрелде башталып, Таласта губернатор барымтага алынган да. 7-апрель күнү эртең менен мен Талас облусунун губернатору менен сүйлөштүм, ал болсо: «Мени барымтага алышты», — дейт. Мен: «Сени сабап атышабы?» — дедим. Ал болсо: «Жок, бирок адамдар аябай ачууланып алыптыр», — деп жооп берди.

Анан алар Таласта ИИБнин имаратын ээлеп алып, милиция кызматкерлерин мазактап, ички иштер министрин өлтүрө жаздап сабап салышты. Бул 6-апрелде болгон. Алар куралды тартып алып, андан соң, 7-апрелде, Өкмөт Үйүнө келишкен. Айтмакчы, 7-апрелде биринчи курмандыктар милиция кызматкерлеринин арасында болгон.

Текебаев жана анын камалышы тууралуу

Анна Соусь: Күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Бир нече күн мурун президент мындан ары Кыргызстанда революциялар болбой турганын айтты. Ал эми сиз Кыргызстандын президенти катары кимди көргүңүз келет эле?

Мен ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин өтө чоң ызы-чуу менен кармалышы тууралуу сизден сурайын дедим эле. Айрым ЖМКлар сиз аны менен Кипрде жолуккан болушуңуз мүмкүн деп жазып чыгышты. Менин түшүнгөнүмө караганда, сиз Беларустан чыкпасаңыз керек? Же чыга алат белеңиз?

Курманбек Бакиев: Былтыр да, быйыл да мен Беларустан тышкары чыккан жокмун. Текебаев менен эч кандай жолугушуу болгон эмес. Аны текшерсе болот. Беларустун бийлиги менин каякка барганымдын баарын билет.

Кыргызстандын бардык кадимки жарандары сыяктуу эле, мен өз өлкөсүнө жана өз элине мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алып келген президентти көргүм келет.

Текебаев жөнүндө болсо, түшүнүп жатсаңыз керек, мен билбейм. Оорустарда бир макал бар: Иштин бүдөмүк болгону ачык эле болуп калды деп коюшат.  Менимче бул кандайдыр бүдөмүк иш.

Анна Соусь: Ал жерде саясат барбы?

Курманбек Бакиев: Албетте. Дээрлик алты жыл өтүптүр. Ал эмне унчукпай жүрдү? [Бакиев Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкер Леонид Маевский тууралуу айтып жатат — ред.]

Биринчиден, мен ал киши акча берди беле, берген жок беле, аны айта албайм. Ал бергем деп атат, Текебаев берген эмес деп атат. Анысы го мейли.

Текебаевдин кармалышынын өзү. Аны «Алдамчылык» деген берене боюнча айыптап жатышыптыр. Кармаганын болсо коркунучтуу рецидивист катары, түн ортосунда, аба майданында кармап атышат. Ал эч кайда качкан жок да, ал өлкөгө кайтып келаткан. Депутат, анын үстүнө фракция башчысы. Прокуратурага чакыруу кагазы менен чакыртып алып эле суракка ала бергиле. Жок, кармаш керек болду. Кандайдын саясий шоу коюп жатышат.

Кыргызстандын президенттигине талапкерлер (солдон оңго): Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев.

Президенттик шайлоо тууралуу

Анна Соусь: Жакында президенттик шайлоо болот, сиздин купулуңузга толгон кайсы бир талапкер барбы?

Курманбек Бакиев: Эгерде мен кайсы бир фамилияны айтсам, Бакиев ошону колдойт экен, ура дешет. Анан бүттү-кетти дей бер. Пайда кылбай эле зыян тийгизип алышым мүмкүн. Аны ачык айткым келбес эле. Бардык эле өлкөлөр сыяктуу ал жерде деле татыктуу адамдар бар. Дайыма татыктуу адамдар, татыктуу талапкерлер болот.

Ал жакта система ушундай экен да, түшүнгөнүмө караганда бир нече топ бар экен. Мен ал жакта жашабайм да, ЖМКдан, интернеттен ал жерде көптөгөн жааттар, агымдар бар экенин билем. Ар бири өзүн президент көрөт. Айрыкча 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин.

Буга чейин бул кызмат аздыр-көптүр абройлуу болуп келген. Акаев 15 жыл иштептир, мен келип беш жыл иштедим, кокусунан келген жокмун, асмандан түшкөн жокмун. Жумушчудан тартып президенттикке чейин бардык тепкичтерди басып өттүм.

Бизден кийин, карап көрсөңөр, алты жыл ичинде Кыргызстандын өкмөтү сегиз же тогуз жолу алмашты. Премьер-министрлерди мээлей алмаштыргандай эле алмаштырып жатышат. Бул эмнеден кабар берет?

Бийликте туруктуулук жок. Кайдагы экономикалык өсүш болот, эгерде мен уккандай КМШнын премьер-министрлери «бир премьер-министр менен форумда таанышканга жаңыдан үлгүрсөк, кийинкисине эле башка премьер келип калат» деп тамашалап жатышса? Алты жылдын ичинде сегиз премьер алмашса, айла барбы.

Кээде жыйырма жыл бою эч нерсе өзгөрбөгөн учурлар болот, Кыргызстан болсо — чөлкөмдөгү бир нерсе алмашып турган бирден-бир өлкө.

Анын эмнеси жакшы? [Мында] мен жакшы эч нерсе деле көргөн жокмун.

Бакиевдин үйүнүн дубалын элдик жазуулар кооздоп турат. Сүрөт: ТАСС.

Кыргызстанга кайтып келиши тууралуу

Анна Соусь: Сиз азыр 67 жаштасыз. Саясат үчүн жакшы курак. Сиздин китебиңиз «Оорум, сүйүүм жана үмүтүм: Менин Кыргызстаным» деп аталат. Мага ал жерде негизги сөз «үмүт» деген сөз болгондой сезилет. Кандайдыр саясий дымагыңыз барбы? Мекениңизге кайтасызбы? Кандай шартта кайтууну пландап жатасыз?

Курманбек Бакиев: Мен өзүмдү 67 жаштагыдай сезбейм. Бул китеп бекеринен «Оорум, сүйүүм жана үмүтүм: Менин Кыргызстаным» деп аталган жок. Сиздин айтканыңыз туура, ар бир адам үмүт менен жашайт. Мен бул жерде негизги сөз катары «сүйүү» жана үмүт деген сөздөрдү кошот элем. Менин эң чоң сүйүүм — бул Кыргызстан.

Менин дымагым тууралуу болсо, эгерде сиз бийликке, саясатка келишимди айтып жатсаңыз, менде саясатка кайрылып келүү жөнүндө ой да жок. Мен Кыргызстандын өнүгүшүнө жигерсиз салым кошот элем.

Мен Кыргызстандан кетсем да, жаным, жүрөгүм ал жактан кеткен эмес. Мен ал жакка Кыргызстан укук талаасына кайрадан кайтып келгенде барсам болот. Эгерде адилет сот болооруна көзүм жетсе, барып бардык суроолоруна жооп берет элем. Менин мойнума илип коюшкан бардык кылмыш иштери боюнча күнөөм таптакыр жок экенин далилдеп берет элем.

Эгерде бүгүнкү мамлекет башчысы [Атамбаев] эки-үч киши соттолуп жаткандыктан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин тааныбаш үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп айтып атса, Кыргызстандагы кайсы укук талаасы жөнүндө кеп кылса болот? Бул эмне деген кеп? Ошону менен мамлекет башчысы сотторго, прокурорлорго, тергөөчүлөргө белги берип жатат. Ал өзү мыйзамсыздыкка жол ачып жатат, анткен болбойт, мен [муну] чоң ката деп эсептейм.

Биз азыр БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине документтерди даярдап жатабыз. Жакында силер мен, менин бир туугандарым, балдарым сыяктуу сыртынан, эч кандай соту, эч кандай тергөөсү жок соттолгондор тууралуу угушуңар мүмкүн. Эч кимге суроо беришпейт жана соттошпойт. Кайсы сот адилеттүүлүгү жөнүндө кеп кылса болот?