Караколдун жолдорун оңдоого 62 миллион сом бөлүнөт

Караколдун жолдорун башынан оңдоого республикалык бюджеттен 62 миллион сом бөлүнөт. Караколдун жолдорун кайра куруу маселесин жергиликтүү активисттер көтөрүп, нааразылык акциясына чыкмак болушкан.

Каржы министри Адылбек Касымалиев Караколдун жолдорун башынан баштап оңдоого 62 миллион сом бөлүп берүүгө убада берди. Бул чечим Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын Жогорку Кеңештин депутаттары, каржы жана транспорт министрлери менен болгон жолугушуусунда кабыл алынды.

Каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнөт. Парламент өкүлдөрү шаардын башкы көчөлөрүн оңдоо 2017-жылдын июнунан башталаарын айтышты.

«20-марттан кийин премьер-министр менен бирге Ысык-Көлдүн облусунун борборуна барганы жатабыз, ал жагдайды өзү көрөт», — деди парламет депутаты Дамирбек Асылбек уулу.

Каржы министринин айтымында, азырынча жергиликтүү бюджеттен канча акча бөлүнөөрү белгисиз.

«Эгерде 20 миллион табылса, жалпысынан жолдорду кайра куруунун бюджети 82 миллион болот», — деди министр.

Мурда Караколдун мэри жолдордун оңдолушуна жергиликтүү бюджеттен 32 миллион сом бөлүп берүүгө убада берген. Бул сөз жергиликтүү активисттер жолдорду оңдоону талап кылып нааразылык акцияларын өткөрмөкчү болгондо айтылган.

Караколдун жолдору муниципалдык кызматтардын жумушчулары жолдордогу тешиктерди эски асфальт менен бүтөп жатканы тууралуу видеону жергиликтүү тургун Фархад Расулов 8-февралда жарыкка чыгаргандан кийин коомдук түйүндөрдө кызуу талкуулана баштаган.

Ал кезде шаардын мэри өкмөттөн жардам сурап, эски асфальт менен бүтөлгөн жолдор шаардыктарга «жок дегенде 15 күн» кызмат кылаарын айткан.

Каракол шаары — Ысык-Көл облусунун туристтик борбору. Туристтер шаарга Ысык-Көл үчүн жайында да, тоо чаңгек базалары үчүн кышында да келип турушат.


ТЕМА БОЮНЧА: