Кыргызстандын Москвадагы элчилиги «Шереметьево» аба майданындагы мекендешине жардам берет

Элчиликтин кызматкерлери 6-мартта үч айдан бери Москва шаарынын «Шереметьево» аба майданында кызы менен жашап жаткан кыргызстандык Гүлкан менен жолугушту. Алар Гүлканга кеңеш беришти жана ага жардам көрсөтүш үчүн тууганын чакыртышты.

Элчиликтегилер кыргызстандык аял Москвага Кыргызстандын Ош шаарында андан алдап 132 миң рубль алып кеткен Далер деген немени издеп келгенин кабарлашты.

Гүлкан кыргыз милициясына 2016-жылдын 26-августунда арыз жазган, бирок иликтөө жыйынтык берген эмес.

Жабыркаган аял өзүн алдап кеткен кишини өз алдынча тапканы Москвага барууну чечкен.

Москвада Гүлкан 2016-жылдын 6-сентябрында Кунцево район аралык прокуратурасына арыз жазган. Кыргызстандык аял жана анын кызы алдап кеткен киши табылгыча аба майданында жашаганы калышкан.

Кыргызстандык аял Шереметьево аба майданынын D терминалында жашап жатат, ал жерде бир канча креслодон кызы менен жашай турган жер жасап алган.

Аял туугандары анын абалын билишээрин айтты. Гүлкандын уулу Москвада иштейт, ал тамак-ашка акча берип турат. Кээде өзү да иштеп акча тапканы шаарга чыгып калат экен.

Анын уулу жалданма жумушчу — анда энеси менен бир тууганы кошо жашагыдай шарты жок, ошондуктан Гүлкан терминалда жашоону чечкен. Ал аба майданынын кызматкерлери анын ошол жерде жүргөнүнө каршы эмес экенин айтып берди.

Аба майданында таксист болуп иштеген кыргызстандыктар ага үйгө кеткенге билет сатып бергиси келген, бирок Гүлкан Кыргызстанга өз акчасы менен гана кайтып бараарын айтып, андан баш тарткан.


ТЕМА БОЮНЧА: