Медведев ЕАЭБдин мүчөлөрү биримдиктен чыкса газды кымбат алып калышаарын айтып коркутту

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев ЕАЭБде эч ким эч кимди күч менен кармап турбаганын Бишкектеги Евразия өкмөт аралык кеңешинин отурумунда билдирди. Анын айтымында, өнөктөш өлкөлөр Орусиядан жеңилдетилген баа менен газ сатып ала алышат.

Армениянын, Белорустун, Казакстандын жана Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки өз чыгашаларын айтып даттанышты. Бул боюнча Орусиянын премьер-министри эч ким эч кимди ЕАЭБде күч менен кармап турбаганын, анткени ал ыктыярдуу түзүлгөнүн айтты.

«Келгиле, кызматташтар, түз эле болгонун болгондой айталы: эгерде бул жерде өкүлдөрү отурган айрым өлкөлөр биздин биримдикке кирбесе же андан чыгып кетишсе, алар газды Европадагы баалар менен — миң куб метрине 200 доллардан алмак. Болгону ошол. Бул жерде эч нерсени далилдеп, эсеп чыгарып да кереги жок. Баары алда канча кымбат болмок», — деди ал.

Андан тышкары, Медведев азыр жоготуулар жөнүндө кеп кылуу «өнөкөткө айланганын» айтты. Бирок Орусиянын премьер-министринин сөзүнө караганда, биримдикке кирген өлкөлөрдүн баары энергетика тармагында жеңилдик алышкан.

Кыргызстан Орусиядан газды миң куб метрине 150 доллардан алат.

Кыргызстан ЕАЭБде

Кыргызстан ЕАЭБге сатык базарын кеңейтиш үчүн кирген. Бирок бажы чек аралары ачылгандан кийин Кыргызстан менен ЕАЭБдин товар айлануусу солгундап кетти.

Кыргызстандын биримдиктеги өлкөлөр менен товар айлануусу 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 24,5 пайызга азайды. 2016-жылы бул тенденция уланып, төмөндөө 19 пайызды түздү.

Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импорт (75,5 пайыз) кыргыз товарларынын ал өлкөлөрдүн сатык базарына барган экспортунан (24,5 пайыз) бир топ көптүк кылат.

Кыргыз парламентиндеги «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык фракцияларынын депутаттары февралдын башында Кыргызстандын ЕАЭБге кириши ийгиликсиз болгону үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековду күнөөлөп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышкан.

«Республика — Ата-Журт» фракциясы ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун уккан. Фракция башчысы Өмүрбек Бабанов министрлер кабинетинин биримдикке кирүүбоюнча ишин сынга алып, «Кыргызстан ЕАЭБде өз ордун табышы керек» экенин айткан.

Сүрөт: Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Бишкектеги Евразия өкмөт аралык кеңешинин отурумунда. Булак: gov.kg.


ТЕМА БОЮНЧА: