УКМКнын кызматкерлеринен 7 килограммдан ашуун героин табылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) азыркы жана мурдагы кызматкерлеринен 7,5 килограмм героин табылды. Алар кармалып, убактылуу тергөө изоляторуна киргизилди.

УКМК менен ИИМдин өздүк коопсуздук кызматтары 7-марттта атайын кызматтардын мурдагы жана азыркы өкүлдөрүн кармашты. Канча киши кармалганы айтылган жок.

Алардан 7,5 килограмм героин табылды. Кармалгандардын аттары айтылбай жатат.

Иликтөө «калыс» жүрүшү үчүн аны менен ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы алектенет.

Кармалгандар азыр ШИИБдин убактылуу тергөө изоляторунда отурушат.


ТЕМА БОЮНЧА: