«Ашкана менен жарашык — азаттык эмес». Бишкек менен Ошто аялдардын жүрүштөрү кандай өттү?

Аялдардын эл аралык тилектештик күнүндө активист эркектер жана аялдар Бишкек менен Оштун борбордук көчөлөрүндө тынч жүрүш жасашты. Алар жыныстардын теңсиздигине жана аялдарды басмырлоо маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууну каалашкан.

Бишкектеги жүрүш

Уюштуруучулардын айтымында, акциянын максаты — аялдарга каршы зомбулук жана аларды басмырлоо маселелерине коомчулуктун жана бийликтин назарын буруу.

«Ар бир үчүнчү аял зомбулукка кабылат, ички изилдөөлөргө ишенсек аялдардын 83 пайызы күн сайын зомбулуктун ар кайсы түрүнө дуушар болот», — деди активист Рейна Артурова.

Ал аялдар күн сайын туш болуп жаткан башка да кыйынчылыктар бар экенин кошумчалады.

«Басмырлоо менен зомбулуктан тышкары, аялдар үчүн сот калыстыгына жетиш жагы алда канча адилетсиз. […]. Аялдар билим берүү системасында, шаардык инфратүзүмдө толук катышпаган жагы бар. Майып аялдар шаарда ээн-жайкын жүрө алышпайт», — деди ал.

Колго жасалган урма аспаптардын үнү, ураандар, теңдикке жана тандоо эркиндигине чакырык менен коштолду. Акцияга 80дей киши катышты.

«Менин келген себебим — мен аялдар эркектердей эле укуктарга ээ болушун каалайм. Мен эже-карындаштарым, жээн карындашым, энем үчүн кабатыр болом, мен күн сайын зомбулукка кабылып, билим ала албай, эрте күйөөгө чыкканга мажбур болгон башка аялдар үчүн кабатыр болом», — деди активист Тынчтыкбек Бакытов.

Акциянын багыты эки эстеликтин, алгачкы саясий ишмер аял Курманжан Датканын жана Советтер Союзунда аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн Уркуя Салиеванны эстелигинин жанында өттү. Уюштуруучулардын айтымында, бул аялдар азыркы адамдар үчүн үлгү болуп саналат.

Жүрүш болуп жатканда акциянын ар кайсы жеринде ага башка катышуучулар да келип кошулуп жатышты. Жүрүшкө милиция кызматкерлери көз салып, активисттерди чөнтөк телефонго тартып жүрүштү.

«Бизден тротуарда башка кишилер үчүн орун калтырууну суранышты, биз ошенттик. Жалпысынан милиция жаман мамиле кылган жок. Албетте, алар бизге кошулуп кетти деп айта албайм, бирок жок дегенде биздин акцияга түшүнүү менен мамиле кылышты», — деди активист Артурова.

Жарандык кийимчен, кепка кийип, кара көз айнек тагынган дагы бир чымыр киши жүрүштү камерага тартып, журналисттерден чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнүн такай сурап жүрдү.

Оштогу жүрүш

Ошто аялдардын укуктары үчүн акция «Жөн эле аял эмес» деп аталып, биринчи жолу өттү. Ага 40тай активист чогулду. Акция Фрунзе районунан Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепканага чейин уланды.

Шаар мэриясы жүрүштөгүлөрдү тез жардам жана алты кайгуул автоунаасы менен камсыз кылып, алар жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн көчөнү автоунаалардан бошотуп беришти.

Жүрүштөн тышкары, уюштуруучулар Оштун үйрөнчүк сүрөтчүлөрү тарабынан даярдалган социалдык комикстер менен трафареттердин көргөзмөсүн өткөрүштү. Авторлор өз иштеринде социалдык басмырлоо жана аялдарга карата теңсиздик маселесин ачып беришкен.

«Көргөзмөдө мага кыздарга карата көндүм социалдык көз караштарды чагылдырган бир комикс жакты, ал стереотиптер азыркы коомдогу "туура" жана "туура эмес" кыздын элесин сүрөттөйт», — деди жүрүштүн катышуучусу Каныкей Мамадалиева.

Уюштуруучулардын айтымында Ош менен Бишкектеги мындай акцияларды алар жыл сайын 8-мартта гана эмес, башка күндөрү да өткөрүшмөкчү.

Авторлошу: Айнагүл Аматбекова
Бишкектеги жүрүштүн сүрөтү: Данил Усманов
Оштогу жүрүштүн сүрөтү: Адина Мамадалиева


ТЕМА БОЮНЧА: