Сергей Прокудин-Горский — Николай IIнин тапшырмасы менен Орус империясынын жерлерин тартып жүргөн түстүү фотосүрөттүн баштоочусу. Башка нерселер менен катар ал тасмага революцияга чейинки Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды да тартып калтырган.

Прокудин-Горский император Николай IIнин тапшырмасы менен 1905-жылы Орусия боюнча алгачкы саякатка чыгып, анын жүрүшүндө  Кавказдан, Крымдан жана Малороссиядан 400гө жакын түстүү фотосүрөт тартып келген.

Анын сүрөттөрү ошол учур үчүн өзгөчө болчу: өз экспедицияларынан ал ак-кара түстөгү эмес, түстүү сүрөттөрдү алып келген. Прокудин-Горский буга негативдерди бири бирине кабаттоо ыкмасы аркылуу жетишкен. Бул жаңычыл ыкма болчу — орус саякатчысы түстүү фотосүрөттүн баштоочуларынын бири болуп эсептелет.

1908-жылдын май айында анын экинчи саякаты башталган. Сүрөтчү Түндүк Кавказга жөнөгөн. Ошого карабастан, мезгил-мезгили менен Романовдордун үй-бүлөсүнүн турмушун документтештириш үчүн Москва менен Санкт-Петербургга кайрылып турган.

Ошол эле жылы Прокудин-Горский Ясная Полянада Лев Толстойдун бир нече түстүү сүрөтүн чыгарган. Ал жазуучунун биринчи жана бирден бир түстүү сүрөтү.

1905 жана 1915-жылдар аралыгында сүрөтчү Орус империясынын Борбор Азиядагы ээликтерине бир нече жолу экспедицияга барган. Ошол учурда анын курамына Ош, Самаркан, Ташкен, Кокон, Анжиян жана башка ири шаарлар менен аймактар кирип турган.

Прокудиндин сакталып калган сүрөттөрүнүн баары АКШ Конгрессинин китепканасында сакталып турат. Фотосүрөтчүнүн коллекциясына мурдагы Орус империясынын ондогон шаарларында тартылган сүрөттөрү да кирди.

Облустун борбору болгон Самаркандагы жибек жана пахта саткан соодагер. Кабат-кабат кездеменин үстүндө шыптын астында илинип турган Курандын барагы көрүнүп турат.
Самаркан, жемиш саткан дагы бир соодагер.
Саргылт пальточон киши — Сергей Прокудин-Горский. Сүрөттү ал 1909-1912-жылдары Ачка талаада саякатта жүргөндө фотосүрөтчү тарткан.
Ачка талаа — ошол учурда Фергана өрөөнүндөгү Сырдарыянын жээгинде өткөн эл жок чөл.
Ачка талаадан өтүп жатып, Прокудин-Горский көчүп бараткан үч кыргызды кезиктирген.
Ушундай боз үйдө борбор азиялык көчмөндөр жашаган. Түстүү сүрөттү тартуу кыйын болгондуктан боз үйдө жашагандар Прокудинге 15 мүнөттөн ашык отуруп берген.
Тянь-Шань тоолорунда Черняево станциясынан анча алыс эмес жерде 1907-жылдын 1-январында болгон күн тутулуу. Ачка талаа.
Ачка талаага жакын жердеги Надеждинск кыштагындагы орус келгиндери. Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында Орус империясы бул чөлдө сугат системасын курмак болгон. Ошого байланыштуу мурда ээн жаткан бул жерге эл көп көчүп келе баштаган.
Ачка талаадан өтүп бараткан төөлөрдүн кербени. Кийин Совет бийлиги келгенден кийин талаада совхоздор жана Жаңы жер менен Гулистан деген жаңы шаарлар пайда болгон.
Самаркандын тегерегинде. Эки киши төөгө артып жүк ташып баратышат.
Бухара эмири Алим Хандын 1911-жылы тартылган портрети. Ошол кезде Бухара Орус империясына карап турганына карабастан, хан шаардын ички маселелерин чечип турган. Кийин 1920-жылы совет бийлиги келген соң Алим Хан Ооганстанга качкан.
Өзбек аял боз үйдүн босогосунда.
Борбор Азиядагы көрүстөндөрдүн көрүнүшү ушундай болгон. Ачка талаа.
Ёлётендеги (азыркы Түркмөнстан) суу электр станциясындагы венгер генераторлору.
Прокудин-Горский өзү жазгандай, «жөөт балдар салттуу улуттук кийими менен». Самаркан.
Авторлору: Александра Титова, Азамат Өмүралиев
Сүрөттөрдүн булагы: Конгресстин китепканасы
Оңдолгон сүрөттөрдүн булагы: Mashable