Текебаев: Атамбаев премьер-министр болуш үчүн парламентти тараткысы келип жатат

Оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев парламент таркатылгандан кийин бийликти «узурпация» кылышы мүмкүн экенин билдирди. Ал спикер менен депутаттарга кайрылып, Жогорку Кеңешти таратууга жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө жол бербегенге чакырды.

Өз кайрылуусунда оппозициячы президент Алмазбек Атамбаевдин парламентти таркатуу жөнүндө билдирүүсүнө комментарий берди.

«Мага Атамбаевдин парламентти таркатуу боюнча себептери жана ойлору таптакыр түшүнүксүз. […] Атамбаев парламентте эң маанилүү чечимдерди кабыл алууда өзүн колдогондор абдан азайып кеткенин сезип турат», — деп жазды Текебаев.

Текебаевдин пикиринде, мамлекет башчысы президенттик мөөнөт аяктагандан кийин бийликте калгысы келет.

«Атамбаев парламентти таркатуу боюнча Жогорку Кеңешке кысым көрсөтүшүнүн экинчи себеби 4-марттагы басма сөз жыйынында айткан саясатта калуу тууралуу чечимине байланыштуу. Саясатта калуу жөнүндө чечим бийликти узурпациялоонун пайдасына конституциялык реформа өткөрүүнүн чыныгы себебин ачып көрсөтүп турат», — деп жазды ал.

Текебаев Жогорку Кеңешти таратуу президентке мөөнөтүнөн мурда өз ыйгарым укуктарын тапшырып, келечекте премьер-министрдин кызматын алыш үчүн КСДП партиясынын башчысы катары шайлоого барууга жардам берет деп эсептейт. Конституциялык реформа министрлер кабинетинин башчысынын ыйгарым укуктарын бир топ кеңейткен.

Текебаевдини ою боюнча, парламент таратылып, президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен шартта өлкөнү башкаруу боюнча ыйгарым укуктар азыркы «чөнтөктөгү» премьер-министрге өтөт.

«Президенттин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши, өз кезегинде, мураскерге абдан чоң артыкчылык берип, башка бардык талапкерлердин шайлоого даярданчу убактысын жана дараметин уурдап алат», — деп эсептейт Текебаев.

Саясатчынын пикиринде, парламентти таркатуу Атамбаевдин административдик ресурсун күчөтөт.

Парламенттин депутаттары Текебаевдин кайрылуусун угуудан баш тартышты.

Атамбаев 6-мартта сүйлөгөн сөзүндө «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин парламентти таркатуу боюнча демилгесин колдой тургандыгын билдирген. Төрөбаев депутаттарды же Текебаевдин камакка алынышы боюнча маселени чечип, же таркап кетүүгө үндөгөн.

Президент 4-марттагы басма сөз жыйынында бийлие калууну пландап жатканын айткан.

Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсү

Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсү парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын Баш мыйзамга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккандан кийин башталган. Түзөтүүлөрдү болсо президент жана анын аппараты сунуштаган болчу. Атамбаев өз кезегинде реформага каршы болгондорду сынга алган.

Алардын жаңжалы Текебаев президенттин мүлкү тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгара баштагандан кийин күчөп кеткен.

Тагыраак айтканда, Текебаев Атамбаевдин Кой-Таш айылында салып жаткан үйү тууралуу айтып берген. Анын айтымында, Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов шаар башчылык кызматын алыш үчүн өз аялы аркылуу Атамбаевге 2,7 гектар жерди өткөрүп берген.

Башкы прокуратура Текебаевдин сөздөрүн териштирип чыгып, бул келишим мыйзамдуу болгон деп тыянак чыгарган.

Кийинчерээк Текебаев Атамбаевдин Кипрде жашыруун мүлкү жана бизнес кызыкчылыктары бар экенин билдирип чыккан. Бирок бул маалыматты ал азырынча ачыкка чыгара элек.

Ошондой эле, Текебаев мартта президентке импичмент жарыялоо процедураларын баштоону пландап жаткан болчу.

Депутаттар Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов.

Ошондон кийин Башкы прокуратура Текебаевдин талапташтары — Аида Саляновага жана Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш ишин козгогон.

Андан соң Текебаевдин өзүнө каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши ачылган.

Бул иш боюнча ал кызмат сапарынан кайтып келатканда 26-февралга караган түнү «Манас» аба майданында кармалган. Ал дароо эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.

Саясатчынын тарапкерлери Текебаевди бошотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Бирок оппозициянын митингине карабастан, сот саясатчыны эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Текебаев өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, өзүнүн кармалышын азыркы бийликтин оппозицияга каршы «саясий куугунтугу» деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: