«Nike» спорттук хижаб иштеп чыкты

«Nike» компаниясы 2018-жылдын башында спорттук хижабдарды сата баштайт.

Спорттук кийим өндүрүүчү «Nike» компаниясы мусулман спортчу кыз-келиндер үчүн атайын баш кийим иштеп чыкты.

Видео: Хиджаб кийген эркин күрөш боюнча спорт чебери

Спорттук баш кийим иштеп чыгууга бир жылдай убакыт кетти, ал «Pro Hijab» деп аталат. Баш кийим жеңил чоюлчаак кездемеден жасалган, анда терди чыгарып, аба кирип турушу үчүн чакан көзөнөктөр бар.

Хижаб үч түстө — кара, боз жана обсидиан (коюу жашыл) түсүндө чыгат. Баш кийим сатыкта кийинки жылы эле пайда болот.

Хижабды иштеп чыгууга спортчулар өздөрү, анын ичинде Араб Эмираттарынын муздагы бийчиси, Сочидеги Олимпиада оюндарынын катышуучусу Захра Лари да аралашты.

Корпорация спортчу кыз-келиндерге ыңгайлуу, ошол эле учурда аларга диний салтты сактоого жолтоо болбой турган баш кийим жасап чыгууну атайын пландаган.

Компания хижаб исламдын жана маданий ар түрдүүлүктүн символу болуп калат деп эсептейт.

«Nike» спорттук мелдештер үчүн атайын хижаб иштеп чыккан спорттук кийим өндүрүүчү алгачкы ири компания болуп калды.


ТЕМА БОЮНЧА: