Түштүк Кореянын президентине жарыяланган импичмент бекемделди

Сүрөт: Lee Jae-Won/Reuters.

Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти бекемдеди. Ал бийликтен четтетилди, эми эки ай ичинде мөөнөтсүз президенттик шайлоо болот. Импичментке Пак Кын Хенин ири коррупциялык жаңжалга аралашканы себеп болгон.

Конституциялык сот Пак Кын Хени курбусу Чхве Сун Силдин коррупциялык схемаларын жаап-жашырып, анын мамлекеттин саясатына таасир этишине жол бергени үчүн күнөөлүү деп тапты.

Чхве Сун Силь президенттин колдоосу менен Кореянын ири ишкерлерин кайрымдуулук фонддоруна миллиондогон салым кошууга мажбур кылган. Ал үчүн ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт деп убада берилген.

Коррупциялык жаңжалга 30 киши, анын ичинде «Самсунг» компаниясынын вице-президенти да аралашкан.

Иликтөөнүн жыйынтыктарына караганда, Пак Кын Хе «Самсун» менен байланышкан эки компаниянын биригиши тууралуу чечимди парламентте сүрөөнгө алган. Бул үчүн ал 120 миллион долларлык пара алган. Бул биригүү мамлекетке олуттуу чыгаша алып келген.

Хван Гё Ан. Сүрөт: Time.mn.

Президент Пак Кын Хе өз күнөөсүн моюнга алган жок. Мурда Түштүк Кореянын укук коргоо органдары аны иликтөөгө жолтоо болуп жатат деп күнөөлөшкөн. Импичментти бекитүү прокуратурага Пак Кын Хени кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк берет.

60 күн ичинде Түштүк Кореяда мөөнөтсүз президенттик шайлоо болот. Азыркы учурда өлкө президентинин милдетин премьер-министр Хван Гё Ан убактылуу аткарып жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: