Атамбаев журналисттерди президенттик шайлоо алдында кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп айыптады

Башкы прокуратура «Азаттык» жана «Заноза» басылмаларына каршы президенттин ар намысын коргоо боюнча доо арыз бергенден кийин Алмазбек Атамбаев алгачкы жолу журналисттерге карата оюн билдирди. Атамбаев билдиргендей, журналисттер президенттик шайлоонун алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутууга аракет кылып жатышат.

Орусиялык «Регнум» басылмасынын редактору Григорий Михайлов Кыргызстандан чыгарылгандан кийинки күнү Алмазбек Атамбаев биринчи жолу журналисттерге карата оюн билдирди. Эки күн мурда эле Башкы прокуратура «Азаттык» жана «Заноза» басылмаларынын журналисттерине бир канча миллиондогон сомдук доо арыздарды берген.

«Кийинки кезде Кыргыз Республикасында эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын Президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү», — делет Атамбаевдин 11-марттагы жарыяланган билдирүүсүндө.

Кайрылууда «ашкере ушактоо жана көө жабуу кампаниясы» белгилүү бир ЖКМда жана коомдук желелерде бир канча жылдардан бери жүрүп, өзгөчө өткөн жылдын жай мезгилинен тартып күч алганы айтылат.

«[…] бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты чындык эмес, жалган жалаа жана ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган Мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы Президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу, — делет билдирүүдө. — […] Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди».

Президенттин журналисттерге карата сын-пикири орусиялык «Регнум» интернет басылмасынын редактору Григорий Михайловдун Кыргызстандан чыгарылышынан кийин айтылды.

Михайлов 10-март күнү кечинде кабарлагандай, Бишкекте ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери анын документтерин текшериш үчүн токтотушкан. Михайловдун жанында документтери жок болгондуктан милиционерлер паспортун көрүш үчүн аны менен чогуу үйүнө барууну сунушташкан.

Михайловдун каттоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен, анын айтымында, милиция кызматкерлери аны кызматтык унаа менен кыргыз-казак чек арасына алып барышып, чек арадан өткөрүп, каттоого туруш үчүн анан кайра Кыргызстанга кирүүнү сунуш кылышкан.

Бирок Михайлов жана аны менен кошо барган жубайы кайра Кыргызстандын аймагына кирейин дешкенде, ага Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганын түшүндүрүп, өлкөгө киргизбей коюшкан.

Жакында эле «Регнум» «Оппозиция в Киргизии требует провести психиатрическую экспертизу президента (Кыргызстандын оппозициясы президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда)», деген аталыш менен макала чыгарып, Алмазбек Атамбаевдин саясий каршылаштары, «Ата Мекен» партиясына жана анын башчысы Өмүрбек Текебаевдин пикирлерине орун берген.

Учурда Алматыда жүргөн Михайлов өз фейсбук барагында билдиргендей, ага 10 миң сом штрафты төлөөнү өтүнбөй, аны алдап Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү каалашкан.

Бийлик менен журналисттердин ортосундагы чыңалуу 6-марттан кийин күчөгөн. Маданият ишмерлерине сыйлык тапшыруу салтанатында Атамбаев «Азаттык» үналгысын сынга алып, журналисттери «Американын акчасын актап жатканын» жана өзү тууралуу ушактарды таратып жатканын айткан.

Башкы прокуратура «Азаттык» менен «Занозага» каршы экинчи доо арыз берди

Кийинки күнү, 7-мартта башкы прокуратура «Азаттык» жана «Заноза» интернет басылмаларына каршы эки доо арыз берип, компенсация катары басылмалардан жалпы 26 миллион сом талап кылган.

Башкы прокуратура басылмаларды «Ата Мекен» партиясынын адвокаттарынын 1-марттагы басма сөз жыйынын чагылдырышканы үчүн айыптаган. Анда юристтер билдиришкендей, оппозициячы жана партия башчысы Өмүрбек Текебаев «Манас» аэропортунун жанына кулап түшкөн «Боинг» учагындагы жүктүн ээлери тууралуу иликтөө кылганы үчүн камалган.

«Ата Мекендин» юристтери билдиришкендей, президент Атамбаев менен анын үй-бүлөсү жүктүн ээси делип, Түркиянын атайын кызматтары тарабынан Текебаевге берилген документтерге шилтеме кылышкан. Анда Түркиянын элчиси тышкы иштер министри менен болгон жолугушуусунда «Ата Мекендин» юристтери көрсөткөн документтер жасалма экенин билдирген.

Экинчи доо арызга Түркиянын «Haberler» маалымат каражатында Өмүрбек Текебаев бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушканы тууралуу макаланын которуп чыгарганы себеп болгон.

«2010-жылда революция болду деп айтканга болбойт»: Курманбек Бакиев «Азаттык үналгысынын» эфиринде эмнелерди айтты?

«Азаттык» жана «Заноза» порталдары «Haberlerде» чыккан макаланы которуп эле өз сайттарына чыгарбастан, алар оппозициячы Өмүрбек Текебаевден да комментарий алып, ал Бакиев менен жолугушканын жокко чыгарган. Кийинчерээк «Азаттык» үналгысынын белорус кызматына курган маегинде Бакиев да бул маалыматты жокко чыгарган.

Доогердин талабы менен аталган эки ЖМКдагы Текебаевдин комментарийин камтыган жаңылыктар сайттардан өчүрүлгөн. Башкы прокуратура басылмаларды «такталбаган маалыматтарды объективдүү эмес чагылдыруу» боюнча айыптаган.

Андан тышкары президенттик КСДП 9-мартта дагы бир басылма 24.kgге жана укук коргоочу Рита Карасартовага каршы доо арыз берген.

Жакында эле 24.kg маалымат агенттиги «Регионы показали зубы партии власти (Аймактар бийлик партиясына азуусун көрсөтүштү)» аттуу макала чыгарышып, анда Карасартова суроолорго жооп берип, КСДП жөнүндө «алар саясатты оюн кылып алышты, кызмат орундарын оңго-солго сатып жатышат» деп билдирген.

КСДП келтирилген чыгымды эки миллион деп баалап, укук коргоочу менен редакциянын ар биринен бир миллион сомдон талап кылган.

Авторлошу: Анна Лелик


ТЕМА БОЮНЧА: