Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 125-орунга түштү

Эл аралык футбол федерациясынын февраль айындагы рейтингинде Кыргызстандын курамасы 125-орунду алып, өткөн айдагы рейтингден бир тепкич түшүп калган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы март айында дүйнөлүк рейтингде 125-орунга жайгашкан.

Өткөн жылдын ноябрь айынан бери Александр Крестининдин командасы рейтингдеги орунга оң таасир эте турчу эч кандай беттеш өткөргөн эмес.

Азия футбол конфедерациясындагы курамалардын арасында Кыргызстан 16-орунда турат. Команданын эсебинде дагы эле 265 упайы бар. ФИФАнын рейтингинде Азия өлкөлөрүнөн эң алдыңкы орунда тургандардан Иран бар (33-орун, 794 упай).

Азия кубогунун тандоо турунда беттеше турган Кыргызстандын курамасынын атаандаштары төмөнкүдөй орундарда: Индия 132, Мьянма 172 жана Макао 184-орунда.

Тайпалык баскычта ийгиликтүү оюн көрсөтүшсө кыргыз курамасы өз тарыхында алгачкы жолу Азия чемпионатынын финалдык баскычында таймашат. Улуттук курама өзүнүн биринчи беттешин 28-мартта Макаонун командасы менен өткөрөт.

Дүйнөлүк рейтингдин алдыңкысы болуп мурдагыдай эле Аргентина 1644 упай менен эсептелет. Анын артынан Бразилия (1534) жана Германия (1433) курама командалары турат.

Өткөн айдын мыкты курамасы болуп Суринам Республикасынын командасы аталды, ал тогуз упай топтоп, рейтингде 120-орунду ээлеген.

Эң начар көрсөткүч Мьянманын курамасында катталган. Азия кубогунун тандоо турунда Кыргызстандын атаандашы болуп эсептелген мьянмалыктар өткөн айга салыштырмалуу 13 тепкичке төмөндөгөн.

ФИФАнын курама командалар рейтинги — команданын учурдагы салыштырмалуу күчүн аныктаганга жардам бере турган система. Ал ай сайын жаңыртылып турат.

Упай берүү системасы туруктуу эмес жана көп жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингинде алган орундан, матчтын маанисинин коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

Эл аралык футбол федерациясынын кийинки рейтинги 6-апрелде чыгарылмакчы.

Сүрөт: КРФФ


ТЕМА БОЮНЧА: