Парламент аппаратынын жетекчиси депутаттардын сынынан кийин өз ыктыяры менен иштен кетти

Жогорку Кеңеш аппаратынын жетекчиси Абдыманап Кутушев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Иштен кеткенге чейин аны депутаттар тез-тез командировкага барганы үчүн сынадашкан болчу.

Парламенттин басма сөз борборунан кабарлашкандай, анын кызматтан кетүү арызына Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков кол койгон.

Эл аралык иштер боюнча парламент комитети Кутушевди кызматтан алуу боюнча спикерге 7-мартта кайрылган. Депутаттар Кутушевди тез-тез чет өлкөгө командировкага чыкканы үчүн сындашкан. Эл өкүлдөрү билдиргендей, аппарат жетекчиси бир жыл ичинде чет өлкөгө сегиз жолу чыккан.

«Кутушев чет өлкөгө парламенттин ишин жакшыртуу үчүн барганын айтты, бирок депутаттар анын жүйөсүн канааттандырган эмес», — деген ошондо «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Акылбек Жамангулов.

Андан тышкары, аталган комитет Башкы прокуратурага кайрылып, парламент аппаратынын финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгүн изилдөөнү жана Кутушевдин ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулардын бар-жок экенин текшерүүнү тапшырган.

Абдыманап Кутушев 2016-жылы парламент аппаратынын жетекчиси болгон. Ага чейин ал Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДПдан депутат болуп барган.

Сүрөт: Knews


ТЕМА БОЮНЧА