«Бир жолу мени ала качып кетиши…» Элзаданын окуясы

Элзаданын окуясы — «Бир жолу мени ала качып кетишти...» сериясындагы беш тасманын экинчиси. Кыздар бул баяндамаларда аларды кантип ала качып кеткени жана өздөрү каалабаган нике эмне менен жыйынтыкталганы тууралуу айтып беришет.

Долбоордун автору жана сүрөтчү: Татьяна Зеленская. Монтажы жана анимациясы: Егор Танков. Төмөндөгү баян автордун атынан жүргүзүлөт.

Бул тасмадагы кыз ийгиликтүү жана дымагы күчтүү болчу. Ал ата-энесинин бизнесине жардам берип, өзү да бизнесин ачайын деп жүргөндө аны ала качып кетишкен.

Аны ушинтип кайсы бир күнү ала качып кетет деп мен элестете алчу эмесмин. Ал өзү да элестете албаса керек эле.

Элзада — мен тааныган күчтүү жана чыдамкай кыздардын бири. Бирок ошого карабастан ал күйөөгө чыкпай коё алган жок. Качан аны ала качып кетишкенде атасы катуу ооруп жүргөн. Ал коркуп, эгерде турмушка чыгуудан баш тартып койсо, атасынын ден соолугу андан да начарлап кетеби ойлогон.

Башында, качан Талгат ага келгенде, ал каршы болгон. Кыйкырып, урушкан. Бирок анын болочоктогу жубайынын үй-бүлөсүнүн психологиялык басымы күчтүүлүк кылган.

Өз атын айтуудан корккон Элзада азыр Талгат менен жашайт. Анын жолдошу иштебейт, кечке үйдө сыналгы көрүп жатат. Элзаданы никеде эки баласы гана кармап турат. Ал балдарынын атасыз өсүшүн каалабайт, ошондуктан ал ажырашып кеткен эмес.

Бул видео тасмадан чыгара турган сабак — керек болсо эң күчтүү адамдар да бир күнү сынып калышы мүмкүн экендиги. Кызды ала качып кетишсе, ага ойго келбеген катуу басым жасалат. Ала качып кеткендердин үй-бүлөлөрү кызды коркутуп-үркүтүп, алсыз жерлерин таап, соңуна чейин басым көрсөтө беришет.

Кыргызстанда ала качуу

Күн сайын өлкө боюнча 10дон 30га чейин кыз ала качууга туш болушат. Акыйкатчы институтунун расмий маалыматына ылайык, жыл сайын Кыргызстанда 8000 кыз ала качууга туш болуп, алардын 20 пайызы гана ала качкан жигит менен турмуш куруудан баш тартышат.

Ала качуу кыргыз үй-бүлөлөрүн кантип бузууда?

Никеге туруш үчүн кыз ала качуу 2012-жылдын декабрынан тартып кылмыш жообуна тарта турган иш болуп калган. Андан бери кыз ала качуу үчүн 7 жылга эркинен ажыратуу каралып келет. Бирок андан бери бүтүндөй 2015-жылы болгону 25 кылмыш иши козголгон.

Аялдардн укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер кыздардын «жаңы» үй-бүлөлөрдө калышынын негизги себеби — улуулардын басымы деп эсептешет.

«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Назиктин окуясы

Татьяна Зеленская менен Егор Танковдун видео сериялары — бул турмуш куруу үчүн ала качууга дуушар болгон беш кыздын окуясы. Алардын айрымдары, Элзада сыяктуу, балдары үчүн дагы эле никеде. Ал эми кээ бирин, Назик сыяктуу, күйөөсү үйдөн кууп чыккан. «Бир жолу мени ала качып кетишти...» ала качууга дуушар болгондон кийин кыздардын жашоосунда эмнелер болгонун тууралуу айтып берет.