Үч жыл мурда Вера Тристан интернет колдоно баштаган. Интернет ага чыгармачылык менен алектенүүгө түрткү берип, ал азыр ар кандай иштерди жасайт: сүрөттөрдү, куурчактарды токуп, кол өнөрчүлүк менен алектенип калды. Ал өзүнүн 92 жаш курагында көрүүсү начарлап кетсе да токуп, сүрөт тартууну улантып келет.

«Мунун баарын мага кызым компьютерден көрсөтүп берди. Бардык сүрөттөрдү, бардык иштерди мен компьютерден алам», — дейт Вера.

Ал тигил же бул сүрөттү кантип тартуу керек экени жөнүндө жаңы видеолорду көрүп турат, кээде кооз сүрөттөрдөн жөн гана эргүү алат. Уз Вера интернеттен эмнени көрсө, баарын жасай алаарын айтат.

Вера Тристандын ишендиришинче, карылык ал үчүн кыйынчылык деле эмес, ал бош убактысын кантип өткөрүүнү билет. Улгайып калгандыктан ал өз алдынча тамак даярдап, үйүн жыйнаштыра албайт. Ошондуктан ага үй жумуштарында кызы жардам берет, Вера болсо кандайдыр бир пайдалуу нерселер менен алектенет.

Вера Кыргызстандын тоолорун токуганды жакшы көрөт, анын пикиринде, тоолор — сулуулуктун эталону.

Сүрөтчүнү кыргыз тоолору шыктандырат.

Ал Уралда төрөлгөн. Бир кездерде анын ата-энесинин үстүнөн кимдир бирөө «алар колунда бар дыйкандар деп» арыздана салып, 1932-жылдагы репрессияга туш болушкан. Вера Тристандын айтымында, ошондо бүт айыл тургундары жабыр тартышкан. «Кулактарды» бир жерден экинчи бир жерге тез-тез которуп турушкан.

«Кулакка тартылгандардын» кызы катары Верага Орусиянын ири шаарларынан жумуш тапканга кыйын болгон. Алар үй-бүлөсү менен 1947-жылы Кыргызстанга көчүп келишкен. Анда Кыргызстанда алардын агасы жашачу. Ал ошондо биринчи жолу тоолорду көргөнүн айтат.

«Ошондон бери мен Кыргызстанда жашап жатам. Менин үч балам бар. Баары Кыргызстанда төрөлгөн. Баары — кыргыздар», — деп жылмайып айтып берип жатты Вера Тристан.

Веранын артында өзү өскөн кадырлуу үйүнүн сүрөтү.

Улгайган уздун артында кичинекей сүрөт турат. Анда жыгачтан салынган чакан үйдүн сүрөтү бар. Үйдөн түтүн чыгып турат.

Үйдү токой жана кар курчап турат. Бул Вера Тристан ата-энелери менен бала кезинде жашаган үй.

Өзүнүн бош убактысын Вера сүрөттөргө жана кол өнөрчүлүккө арнайт. Анын иштеринин чоң коллекциясы болчу, бирок көпчүлүгүн ал таратып салган.

«Мен розалар тартылган үч сүрөт тарткам. Аларды неберелериме жөнөткөм. Алар Орусияда турушат. Көпчүлүгүн тааныштарыма таратып салгам. Азыр менин иштерим Германия менен Америкада да бар», — дейт ал.

Анын иштерин караганда, аларды эч качан жамандык көрбөгөн кичинекей кыз жасадыбы деген ой келет. Уз Вера дүйнөнү боорукер, кооз жана шайыр көрөт.

«Анын иштеринин баары ачык жана жандуу», — дейт Веранын кызы Татьяна.

92 жаштагы сүрөтчү байбиченин эмгектери оңой менен жаралбайт, анткени ал көрбөй эле токуйт.

«Мен көрбөй эле токуйм. Мен токуганга эсептеп турам. Мен токуп эсептеп атканда эч кимге сүйлөбөйм. Эгер бирөө мага сүйлөп калса, "Бул санды эстеп тур" деп коём. Мен унутуп калышым мүмкүн. Башымда көп нерсени сактап тура албайм. Колум менен бир нерсе жасоону каалайм», — дейт Вера.

Веранын көрүүсү начарлап кеткени ага кызыккан нерсеси менен алектенүүгө тоскоол болгон эмес. Ал дагы эле иштерди жасап, китеп окуйт, окуганда да электрондук китептерди.

«Неберем мага электрондук китеп белек кылды. Алар мага китептерди жүктөп беришет, мен аларды кечке маал окуйм», — дейт Вера.

Искусствого Вера жашы өтүп калгандан кийин гана толук көңүл бөлө алган. Ал өмүр бою көп иштеп, кесиби да чыгармачылыкка жакын болгон эмес.

Согуштан кийинки доордо ал бухгалтер болуп иштеп, согуш маалында Пермде жашаган убакта фронтто колунан келген жумуштун баарын жасаган: отун жарып, жаракат алгандарды карап, атүгүл тоңуп калган аскерлер үчүн айылдарды аралап каздын майын да чогулткан. (Каздын майы менен тоңуп калган жерлерди майлачу — ред.)

«Госпиталь мектепте эле. 1943-жылы Сталининграддан тоңуп калган жана жаракат алган өтө көп аскер келген. Биздин дарыгер биздин команданы чогултуп "Бизге каздын майы керек. Шашылыш түрдө!" деди. Анан биз айылдарды кыдырып, каздын майын чогултуп келдик», — деп эстейт Вера согуш учурун.

Комсомол отрядынан келген назик кыздарга дыйкандар бир эле май бербестен, ошондой эле каздын өзүн, тоокторун, ага кошуп мээлей, чокой жана байпактарын да беришкен.

Майлардын госпиталга алып келгенден кийин Вера башка кыздар менен аскердик жүктү түшүрүш үчүн барчу.

«Жеңил жүктөрдү түшүрүп келиш үчүн бизди жөнөтчү. Биз, комсомол катары, түнү болобу, күнү болобу, барып баарын түшүрчүбүз», — деп айтып берди ал.

Вера Тристан кол өнөрчүлүк менен пенсияга чыккандан кийин гана алектене алган.

Уз Вера жашоосуна ыраазы. Ал жашоодон эмне кааласа, баарына жеткенин айтат.

«Балдарым билим алган. Бул менин максатым болчу. Мен да билим алгым келчү, бирок согуш убагы болуп калгандыктан улам ала албай калгам. Балдарым билим алышкан, буга сыймыктанам. Алар менен кошо өзүм да жашоо деңгээлимди көтөрүп алдым», — дейт ал.

Веранын пикиринде, жашоодо эң башкысы — көп доско ээ болуп, кубанып жашоо керек. Анын узак өмүр сүргөнүнүн сыры да ушул.

«Мен өзүмдүн Пермимди аябай сагынам, жаштыгымды, ошол жылдарды. Досторум бул дүйнө менен кош айтышкан. Эч бири калган жок. Бирок менин балдарым, неберелерим, чөбөрөлөрүм бар. Мен ошого кубанам. Кыздарыма курбулары келгенде аябай сүйүнөм. Биз чай ичип, сүйлөшүп, эскерип олтурабыз. Биз бат-бат жолугушуп турабыз. Биздин чогулуп турганыбыз мага жагат. Алардын шарапаты менен мен карылыкты сезбейм», — дейт ал.

Сүрөт менен видео: Азамат Каработоев, Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: