Ошто киноискусство окутулат

Ош мамлекеттик университети 2017-жылдын сентябрынан тарта актёрдук чеберчилик, оператордук иш жана режиссура боюнча окутуу үчүн студенттерди кабыл ала баштайт.

ОшМУнун социалдык жана тарбиялык иштер боюнча проректору Түмөнбай Колдошевдин айтымында, факультет кино өнөрүнүн популярдуу болуп жатканынан улам ачылып жатат.

«Бүгүнкү күндө түштүктөн көптөгөн таланттуу балдар социалдык көйгөйлөрүнөн улам борборго барып окуй албай жатышат. Ошондуктан, биздин оюбузча, университетибиздин алдында мындай факультеттин ачылышы студенттер үчүн жакшы шарттардын бири болуп калат», — деди ал.

Жаңы факультетке тапшырыш үчүн жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы керек эмес. Кабыл алуу комиссиясы студенттерди кастинг менен жана кинематография боюнча тесттин негизинде тандап алат.

«Комиссия актёрдук жөндөмдөрүн, угуу мүмкүнчүлүктөрүн текшерип, андан тышкары кинематография чөйрөсүнө байланыштуу болгон кичинекей тесттен өткөрөт», — деди Колдошев.

ОшМУ ар бир адистик боюнча 20дан 25ке чейин абитуриенттерди кабыл алууну пландап жатат. Бирок студенттердин так саны бул адистикке кызыккандардын санынан көз каранды болот.

Режиссёр Арген Абдил уулунун пикири боюнча, киноакадемия режиссёрлордун жаңы муунуна сапаттуу тартканды үйрөтөт.

«Ошто киноакадемиянын ачылып жатканы — өтө сонун, анткени бүгүнкү күндө кино тарткандардын көпчүлүк бөлүгү, кино адистигин окуган эмес, мындайча айтканда, алар "көчөдөн келген адамдар". Алардын канчалык туура же туура эмес тартканы бул эми башка маселе. […] Эгерде академия ачылып калса, жаңы муунду карап, алар сапаттуу тартып калышат. Бул академия Ошто керекпи? Ооба! Керек», — деди ал.

Режиссёрдун пикиринде, кино медиа адистери менен бирге окутулушу керек. Анткени кино журналистика, пиар жана рекламанын катарына кирип калган. Абдиль уулунун айтымында, эгерде киноакадемия базарга туура келбеген тар эле багыттарда окута турган болсо, анда бүтүрүүчүлөр жеке салтанаттарды эле тартып калышы мүмкүн.

«Искусство институтун бүтүргөн кадрлар азыркы медиа базарда өзүн өзү алып кете албайт. Аларда маркетинг, социология жана психология боюнча билими жок. Ал эми кино өнөрүн окутуу — бул башка илимдерди да окутууну камтыйт», — дейт ал.

Университетте мурда да актёрдук чеберчилик боюнча искусство факультетинде окутуу жүрүп келген. Бирок бул факультет кийинчерээк жабылып калган.

ОшМУ өлкөдөгү жана Фергана өрөөнүндөгү эң ири жогорку окуу жайларынан бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө университетте 17 факультет бар жана 25 миңдей студент билим алат.


ТЕМА БОЮНЧА: