«Метро 2033» оюнунда метрополитендин тоннели кыяматтан кийинки макулуктарга жык толгон, ал эми шаардык уламыштар жер астындагы жашоодо коркунучтуу жандыктардын бар экенине ишарат кылат. Kloop.kg Москванын жер астындагы тоннелдерин, дарыяларын жана тыюу салынган аймактарынын көрүнүшү кандай экенин билип көрдү.

Жер астындагы Москванын көрүнүшү кандай экенин биз тажрыйбалуу диггер Егор Поляковдон сурап билдик. Метрого, жер астындагы бункерлерге жана дарыяларга саякат кылуу анын жашоосунун бир бөлүгүнө айланган.

Баяндоо Егор Поляковдун атынан жүрөт.

Диггер — ири шаарлардын жер астындагы байланыштарын изилдеген адам. Диггерликтин максаты болсо — изилдөө.

Акыркы эки жылда Орусияда диггерлер жана диггерлик деген түшүнүктөр жоголуп кетти. Орусиядагы диггерлердин доору бүттү десек да болот.

Бул Кылмыш кодексиндеги түзөтүүлөр менен байланыштуу, эми диггерлик менен алектенсең жоопкерчиликке тартыласың. Жер астында тентиреген бир канча дымактуулар гана калды окшойт.

Бул кыймыл өтө популярдуу болуп бараткандыктан кылмыш жазыгы киргизилген. Адамдар Москванын жер астында толуп кеткен болчу.

Белгилей кетейин, ал буга чейин деле мыйзамсыз болгон. Бирок жаза административдик болчу. Кармалып калган диггер ашып кетсе 500 рубль төлөчү, бул эч кимди деле токтото алган эмес.

Азыр бул берене боюнча төрт жылга чейин абакка камап салууга чейин жаза каралган.

Жер астынан кандай кызыктарды тапса болот? Метродо материалдык жактан бир нерсе таабууну көздөгөндөр да бар.

Бизди сталкерлер менен алмаштырып алышы мүмкүн, бирок ортодо чоң айырма бар. Сталкерчилик ушундай эле аталыштагы оюндан кийин пайда болгон.

Сталкерлер каралбай калган фабрикаларды, заводдорду, имараттарды изилдешет, ал эми бизге болсо бир гана жер асты кызык.

Бул кыймыл Советтер Союзу тарагандан кийин түзүлүп, жер астындагы дүйнөнү изилдеген алгачкы расмий эмес изилдөөчүлөр пайда болгон. Мындай адамдар өтө аз болчу.

Убакыттын өтүшү менен бул субмаданият кеңири кулачын жая баштаган.

Интернеттин пайда болушу менен адистешкен форумдар пайда болуп, адамдар баарлашып, маалымат, сүрөт, карталарын бири-бири менен бөлүшө башташкан. Ошентип диггерлик кеңири кулач жая баштаган.

Мен бул менен 15 жылдан бери алектенип келем жана диггерликтин бардык баскычтарынан өттүм. Эмне үчүн мен бул менен алектенип калдым?

Мен жаш болчумун, анан бул мага убакыт өткөрүш үчүн кызык нерсе болуп көрүндү, кийинчерээк бул менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланып калды. Бул мен үчүн спортко же экстримге болгон сүйүүгө окшош.

Мага изилдөө жана «бул тоннель мени кайда алып барат болду экен?» деген суроого жооп алган жагат.

Метро — бул 200дөй бекетти өзүнө камтыган чоң организм. Муну менен катар эле жүздөгөн километрге чубалган техникалык жайлар, тоннелдер, кызматтык-техникалык жолдор, метро кампалары, резервдик бекеттер жана башкалар бар.

Москвалык диггерлерге эң кызыгы — бул метро деп эсептөө туура эмес. Ар кимге ар кандай, кимдир бирөөгө метрополитен жакса, айрымдарына жер астындагы дарыялар жагат, мисалы Неглинка.

Москвада 40тан ашуун дарыялар бар, алардын баары тарыхый жактан кызыктуу. Атайын объекттерге адистешкен диггерлер да бар. Алар: бункерлер, командалык борборлор, же болбосо уламышка айланган Метро-2. Жеке өзүм булардын баарын кичине болсо да изилдеп чыккам.

Соңку он жылда жер астындагы Москвага акча үчүн саякат кылдырган көрүнүш пайда болду. Албетте, мунун баары мыйзамсыз.

Жөнөкөй бир адам жол көрсөткүч диггердин кызматынан пайдаланып өзү мурда көрбөгөн жайларга барса болот.

Акча иштеп табуунун башка жолдорун билбейм, түстүү металлдарды уурдап сатуу менен диггерлер алектенишпейт.

Бул коомдогу маргиналдуу катмардын артыкчылыгы.

Эгерде буга башка көз караш менен карап көрө турган болсок, ар бир эле москвалык Неглинкага белгилүү жазуучу Гиляровскийдин жолу менен барганын айтып мактана албайт.

Менин оюмча, XVII кылымда орнотулган түтүктөрдүн ичинен аккан дарыянын нугу менен басуу — бул өтө кызык. Же болбосо «Өтө купуя» деп жазылган кайталангыс объекттерди көрүү. Мындай нерселерди жөнөкөй адамдарга көп убакыт өткөндөн кийин гана айтышы мүмкүн.

Метро — бул бир гана тоннелдер, станциялар жана поезддер эмес. Бул андан да чоң нерсе: өзүнчө бир мамлекет, өзгө, бөтөн жер астындагы дүйнө.

Метрого тереңдеп кирүү диггерликтин өнүгүү баскычтарынан көз каранды болгон. Союз тарагандан кийин 2002-жылга чейин метрого оңой эле киришчү.

Ошол убакта метрополитенде адамдардын киргени боюнча маалымдоочу жабдык же билдиргичтер орнотула элек болчу. Аба алмаштырып туруучу шахта да, кабелдик коллекторлор да коргологон эмес болчу, сакчы деген түшүнүк жок болчу. Эң эле ашып кетсе эшикте асма кулпу турчу.

Москвадагы теракттардан кийин, 2000-жылдардын биринчи жарымында өкмөт метрону коргоо үчүн акча бөлүп берген. Анан жер астына өткөн ар бир тешикке билдиргичтерди орнотуп коюшкан.

Башында абдан жупуну жана жөнөкөй болчу. Бирок технологиялык өнүгүү бир ордунда турбагандыктан бул диггерлер менен метронун жумушчуларынын, же «монтёрлордун» ортосундагы согушка айланды.

Билдиргичтер жана камералар жаңыланып, коопсуздук боюнча жаңы чечимдер чыгарылып жатат, бирок диггерлер да өрчүүдө.

Жөнөкөй эле бир адам метрого кире албайт, анткени атайын жөндөмдөргө ээ эмес.

Жер астын бардык эле адамдар изилдей алышпайт. Жакшы физикалык формада болуп, бийиктиктен коркпой, атайын керек-жарактарга ээ болуш керек. Диггерлик — бул чыдамкай адамдар үчүн.

2000-жылдын башынан 2013-жылга чейин диггерлер үчүн эч кандай көйгөй деле жок болчу, кайсы жерден болсо да кирип кетсе болоор эле.

Кийинчерээк жаңы жабдыктарды орнотушуп, сапаттуу камераларды, кыймыл-аракет билдиргичтерди коюшуп, оорлошуп кетти, бирок биз үчүн кылмышы жок жер жок болчу.

Тешиктер ар дайым табылат. Жакшы диггер ар тараптан өнүккөн болушу керек: радиоэлектрониканы, өндүрүштүк альпинизмди жакшы билиши керек.

Кандай гана билдиргич болбосун, ага билдирбей өтүп кетсе болоорун билүү жетиштүү. Адамдык фактор дагы көп нерсени чечип коёт: камеранын артындагы адамдар болуп жаткан бардык кыймыл-аракетке көз салып олтура албайт.

Метродо көптөгөн коркунучтар бар. Москва метрополитенинен пайдалануу эрежелеринде жазылгандай, бул транспорттук система жогорку өтө кооптуу даражага ээ. Мисалы байланыштыргыч рельстердин өзүндө эле чоң коркунуч бар.

Элестетип көрсөңөр, тоннелде баратасың дейли, ал эми бир нече кадамдан кийин жогорку чыңалуудагы рельс турат. Ага тийип кетчү болсоң, сенден бир ууч гана күл калат.

Диггер кийинки секундада эмне болуп кетээрин эч качан билбейт. Биз ар дайым тобокелге салып жүрөбүз. Диггерлер сапёрлор сыяктуу адашканга укугу жок, анткени бир ката көп нерсеге тете.

Аба алмаштыргыч шахтада өлүп калышың да мүмкүн, кирип кеткенден кийин. Шахтанын орточо тереңдиги 60тан 80 метрге чейин.

Бул шахталардын техникалык абалы өтө деле жакшы эмес. Ал жерде орун которуу өтө коркунучтуу, баары дат баскан, анткени айрым коммуникациялар өткөн кылымдын 30-жылдарында салынган да.

Метрого түшүп саякат жасоо үчүн сапаттуу керек-жарактар керек. Мүмкүн болушунча атайын бут кийим кийиш керек, ал контактка кокустан тийип кетчү болсоң токтун урушунан сактанганга жардам берет.

Ага кошумча, алыстан башкарууга мүмкүн болгон насостор, гермоэшиктер бар.

Сен өтүп баратканда вентиляторлорду иштетип коюшу мүмкүн, анда сенден майда бөлүкчөлөр гана калат.

Бир жолу мен күчү 825 вольт болгон зымдын астынан өтүп бараткам. Ортобузда беш сантиметр аралык болгон, башка өткөнгө жер жок болчу.

Тер дарыя болуп агып атат, бирок бир гана жолум бар болчу — андан ары сойлоо.

Кол кабым да жок эле, жүздөгөн вольт чыңалуудагы рельске тийип кеттим.

Ошондо менин жүрөгүм токтоп калып, бактыга жараша, мени жанымдагы өнөктөштөрүм сактап калган.

Ар бир чыгуу жана түшүү — ден соолукка жана жашоого коркунуч. Сүрөттө Метро-2 тоннелдеринин бири.

Эң чоң коркунуч — поезд жүрүп бараткан убакта тоннелде басуу.

Качан метро өтүп баратканда, «монтёрлордун» бири да тоннелге кире албайт, башкаларды да киргизбейт. Бирок диггерлер атайын объектке барыш үчүн поезд жүрүп баратканда кирип кетүүнү көздөшөт. Бул баарынан эң эстремалдуусу болсо керек.

Мен мындай кырдаалдарды бир нече жолу баштан өткөргөм. Бул көз ирмемде адреналиндин жалынын сезесиң, муну эч нерсе менен салыштырып болбойт.

Мунун баары парашюттан секиргенге караганда күчтүү. Элестетсеңер, А чекитинен Б чекитине барышыңар керек, бирок жолду жакшы билбейсиңер, поездден сактаныш үчүн кайда оолак жер бар экенин да билбейсиңер. Ар бир поезддин ортосундагы интервал 1,5 мүнөттөн 3 мүнөткө чейин.

Эң эле баналдуусу — жер астындагы дарыяга жай мезгилинде баруу.

Бир маалда эле жаан нөшөрлөп жаап кирет да, коллекторго тез эле суу толуп калат, эч жакка кете да албайсың, жашына да албайсың.

Диггерлердин өлүм менен бетме-бет келген учурлары болгон. Көп жолу. Майда-чүйдөлөрүнө чейин кирбей эле коёюн, киргим да келбейт.

Жер астында мени бир канча жолу кармап алышкан.

Жер астында мени көп жолу кармап алышкан. Баары бирдей эле аяктачу: кармап, андан кийин милиция бөлүмүнө алып барып, жооптуу кызматтарды чакырып, суракка алып, штраф салчу.

Эгерде сен кокустан «монтёрлорго» жолугуп калчу болсоң, метрополитенде күлкүлүү окуялар дагы болуп калат. Анүстүнө эч кимиси бири-бирин кезиктирип калам деп ойлобойт.

Мисалы, бир окуяны эстедим, анда «монтёрлордун» бири бизди көрүп калып, айгай салып, полицияны чакырып, бир нече сааттык жашынмакка айланган. Албетте, диггерлер мындай беттештерде багынып бергиси келбейт.

Диггерлерди сакчылар токмоктоп койгон учурлар да болгон. Азырынча менде мындай боло элек, бирок тааныш кесиптештеримдин башынан өткөн.

Баары белгилүү бир окуядан көз каранды. Эгерде өзүңдү жакшы кармана алсаң, эч кандай чатак деле болбошу мүмкүн.

Албетте, эгерде диггерлер тобу объекттин ичинде байкуш «монтёрду» сабап салып, анан унчукпай басып кеткен болсо, анда аларды кийин кармап алып өч алганынан таң калбай деле койсо болот.

Метро-2 — бул объект чындыгында бар жана өкмөттүн траснпорттук системасы дегенди билдирет.

Метро-2 менен Д-6 — бул бир эле нерселер. Д-6 документтердеги делген аталыш гана.

Бирок бул объект чындыгында бар жана ал өкмөттүк транспорт системасы дегенди билдирет.

Азыр Метро-2ге кирүү мүмкүн эмес. Бул коргоо министрлигинин жаңы борборунун ачылышы менен байланыштуу.

Д-6 жолу мурда коргоо министрлигинен «Арбат» бекетинин жанынан өтүп, Москванын түштүк-батышындагы коргоо курулуш комплексине чейин барчу.

Азыр бул жолду кандайдыр бир нерсени же кимдир бирөөнү ташуу үчүн аквтивдүү колдоно башташты.

Метро-2 менен башкалардын майда-чүйдөлөрү жөнүндө мен эч нерсе айтпайм. Бул купуя маалымат.

Ал жерде болгомунбу? Мүмкүн.

Метродо көрдүк делген үч метрлик келемиштер, макулуктар, ар кандай адаттан тыш кубулуштар — мунун баары шаардык уламыштар.

Мен да, кесиптештерим да паранормалдуу нерселерге кез келген эмеспиз. Чоң келемиш же коңуздар сыяктуу кадыресе нерселер болушу мүмкүн, бирок башка нерселер жок.

Мурда диггерлердин айтылбаган кодекси бар болчу, бирок азыр ал жок.

Азыр эске келгендери булар: «Объекттерде этият болуш керек. Барган жериңде из калтырбашың керек. Объекттерде ичпеш керек».

Бирок метронун бош тоннелинде сыра ичүү — бул өзүнчө ырахат. Диггерлик популярдуу болгон сайын бардык эрежелер аткарылбай деле калды.

Эгерде жер астына кайра баруу мүмкүнчүлүгүм болгондо кайра барат элем.

Азыр дагы жер астын изилдөө менен алектенем, бирок бул диггерлик эмес, бул спелеология. Менин кызыгуум бир гана Москва жана анын жер астындагы дүйнөсү менен чектелбейт.


ТЕМА БОЮНЧА: