Кыргызстандык Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин алтын медалын утуп алды

Кыргызстандык Муслим Евлоев Яшар Догунун элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин 74 кг чейинки салмак категориясында жеңүүчү болду.

Квалификациялык айлампада ийгиликке ээ болуп, Евлоев финалга чейин жетип, анда Орусиянын өкүлү Хетаг Цаболов менен беттешти. Беттешүүнүн жүрүшүндө алдыга чыгып, кыргызстандык балбан үстөмдүгүн сактап калып 6:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Евлоев менен Цаболовдун ортосундагы финалдык таймаштын видеосу:

Бул салмак категориясындагы коло медалдарды Орусиянын балбандары утуп алышты.

Муслим Евлоев Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасына 2015-жылы кошулуп, бир жылдан кийин эле республиканын чемпионатынын күмүш медалын утуп алган. Мурда бул спортчу Орусиянын курама командасында болчу.

Турнирге Түркиянын, Орусиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Польшанын, Македониянын жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Бул биринчиликке Кыргызстандын атынан беш балбан чыкты.

57 кг чейинки салмак категориясында квалификациялык баскычтан өз салмагындагы мыкты деп эсептелген Улукбек Жолдошбеков өтпөй калды.

Музафар Юнусов менен Бекжан Жамбулов 70 кг чейинки салмак категориясында финалдын сегизден бир бөлүгүндө беттешти. Жамбулов кийики айлампага өттү, бирок ал жактан Түркиянын өкүлүнө 4:7 эсебинде утулуп, мелдештен чыгып калды.

Аскарбек Абдыгапар уулу да өз квалификациялык айлампасында 65 кг чейинки категорияда Армениядан келген балбанга 4:8 эсебинде утулуп калды.

Яшар Догунун элесине арналган эркин күрөш боюнча 45-чи эл аралык турнир Стамбулда (Түркия) 10-мартта башталып, 12-мартта аяктады.

Сүрөт: Wrestlingua.com


ТЕМА БОЮНЧА: