Сот Текебаевди Бишкектин мэри Ибраимовго 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Биринчи май райондук соту Бишкек мэри Албек Ибраимовдун оппозициячы Өмүрбек Текебаевге каршы ар-намысты коргоо боюнча доо арызын канааттандырды. Текебаев моралдык компенсация иретинде мэрге 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Айгүл Үмөтова Текебаев Бишкек мэринин ар-намысына жана ишкерлик аброюна шек келтиргендиги үчүн ага бир миллион сом төлөп бериши керек деп токтом чыгарды.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова сот анын Текебаевди сот жыйынына күзөт менен алып келип жекече катыштыруу жөнүндө өтүнүч катын канааттандырбаганын билдирди. Ошого байланыштуу ал кесиптеши Канатбек Азиз экөө сот залынан чыгып кетишти.

«Чечим биздин катышуубуз жок кабыл алынды. Жарыш сөзгө бизден эч ким катышкан жок. Эми Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз», — деди Токтакунова «Азаттык» үналгысы менен болгон маегинде.

Бул иш боюнча сот процесси бир нече айга созулду. Ибраимов Текебаевге каршы 2016-жылдын ноябрында доо арыз берген, анткени анын пикиринде, депутат сентябрь менен октябрда сүйлөгөн сөздөрү аркылуу анын ишкерлик аброюна зыян келтирген.

Текебаев Бишкектин мэри болуп дайындалыш үчүн Ибраимов Кой-Таш айылындагы жерди президент Алмазбек Атамбаевге бергенин бир нече жолу айткан болчу.

Оппозициячы ошондой эле Ибраимов «Манас» аба майданынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда борттогу тамактандыруу цехин кымбат баада сатып алганын да айтып келген.

Текебаевдин билдирүүлөрү ал Атамбаев менен тиреше баштаганда жасалган.

Ал Атамбаев сунуш кылган конституциялык реформага каршы чыккан. Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр 2016-жылдын декабрында кабыл алынган.

Андан соң оппозициячы Атамбаевдин жана анын тегерегиндегилердин мүлкү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Ал 2017-жылдын мартында президентке импичмент жарыялоону да көздөп жүргөн.

Кыргызстандын бийлиги Текебаевди кызмат сапарынан кайтып келаткан жеринен 26-февралга караган түнү «Манас» аба майданында кармаган.

Андан бир күн мурун орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде ага каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский 2010-жылы Текебаевге «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар бергенин айткан.

Кармалгандан кийин Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына жеткирилип, ал жакка анын тарапкерлери жетип барышкан. Алар Текебаевди бошотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан.

Оппозициянын митингине карабастан, сот аны эки айга камакка алган. Текебаевдин адвокаттарынын бул чечимге каршы даттанышы натыйжа берген эмес. Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: