Ырчы Салтанат Аширова Украинадагы «Голостун» кийинки баскычына өтпөй калды

Кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова Украинадагы «Голос страны (Өлкөнүн үнү)» вокалдык көрсөтүүнүн кийинки баскычына өтпөй калды. Адегенде аны долбоордон чыгып калуудан Жамала сактап калып, бирок андан кийин ал конкурстун башка катышуучусу үчүн добуш берген.

Көрсөтүүнүн «Эрөөл» деген биринчи баскычында долбоордун катышуучулары жуп-жубу менен чыгып, экөөлөп бир композиция аткарышат. Ыр аткарууда Ашированын өнөктөшү Екатерина Еременко болгон.

Аширова менен Еременко өз насаатчысы рэпер Потаптын «Наверное, потому что (Ушул болсо керек себеби)» деген ырын аткарышкан. Түп нускасында бул композицияны украин тобу жана Потаптын «Время и стекло (Убакыт жана айнек)» долбоору аткарат. Ыр аткарылган соң топ ырчы кыздарды куттуктаганы гүл көтөрүп чыгып, алар композициянын үзүндүсүн дагы бир жолу чогуу аткарышкан.

Калыстар тобунун мүчөсү, музыкант Сергей Бабкин өз добушун бетине үлпүнчөк жаап чыккан Еременконун жеңиши үчүн берди. Бул ага табышмактуу болуп көрүнүп, ал сырдуулукту аягына чейин сактагысы келди.

Мурда Ашированын көрсөтүүдө калышына жардам берип, аны өз командасына алган Потап да Еременконун жеңишин колдоду.

«Мен музыкант катары сага ыраазымын, Салтанат, бирок мен Катянын андан ары эмне болоорун көргүм келди. Андыктан мындан ары Катя барат», — деди ал.

Аширова көрсөтүүдөн кетиши керек болчу, бирок аны Кыргызстандан барган ырчыны артын карабай тыңшоо баскычында өз командасына албай койгон Жамала сактап калган. Өз чечимин Жамала Салтанат долбоордо кантип өнүгүп келатканын көргөнү менен түшүндүргөн.

Конкурска катышуучулардын дагы бир жубу чыккандан кийин Жамала дагы бир катышуучуну, Иринаны тандап алды.

Көрсөтүүнүн эрежелерине ылайык конкурстун бир гана катышуучусун сактап калууга уруксат берилет, ошондуктан Аширова долбоордон кетүүгө мажбур болду.

Аширова «Фэйсбуктагы» өз барагында колдогондордун баарына ыраазы экенин билдирди.

«Бир эле нерсени суранам: достор, талаш кумарына кирип алып бул телекөрсөтүү, реалити экенин унутпагыла. Көп нерсе көшөгө артында калат. Анчалык кызуулукка алдырып кереги жок, эртең деле күн бар, башкысы кандай учурда болбосун адам бойдон калуу», — деп жазды ал.

Аширова февралдын аягында долбоордун катышуучусу болуп кирген. Ал «Fallin» аттуу ырды аткарып, карабай тыңшоо баскычынан өткөн.

Аширова Потаптын командасына Украинадан келген катышуучулар Оксана Семченко жана Полина Руль менен кошо кирген.

Украинадагы «Голос страны» телекөрсөтүүсү — ырчылар атаандаша турган долбоор. Ал алты баскычтан: карабай тыңшоодон, эрөөлдөрдөн, нокауттардан, чейрек финалдан, жарым финалдан жана финалдан турат.

Телекөрсөтүүдө калыс жана насаатчы болуп ырчы Тина Кароль, рэп-аткаруучу Потап, музыкант Сергей Бабкин жана 2016-жылдын Еврокөрсөтүүсүндө жеңишке жетишкен украин ырчысы Жамала милдет аткарышат.

Бул долбоор — кесипкөй жана ар түрдүү жанрдагы ырчыларды табууга багытталган голландиялык «The Voice of Holland» көрсөтүүсүнүн ыңгайлаштырылган түрү.

Ушундай эле Орусиянын «Голос» теледолбоорунда кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев да өнөр көрсөткөн. Ал финалисттердин катарына кошулуп, «Биринчи каналдагы» «Голос» көрсөтүүсүндө 3-орун алып, андан соң Орусияны кыдырып жөнөгөн. Анын машыктыруучусу орусиялык ырчы, Еврокөрсөтүүнүн 2006-жылдагы жеңүүчүсү Дима Билан болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: