Бийлик Памир кыргыздарынан 10 түтүн кишини Нарынга көчүрүп келүүнү пландаштырууда

Кыргызстандын өкмөтү Ооганстандан Нарын облусуна быйыл май айында 10 түтүн Памир кыргыздарын көчүрүп келүүнү пландап жатат. Турак-жайдын ижара акысын жергиликтүү бийлик төлөйт.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымында, болжол менен 10 түтүн Памир кыргыздары Кыргызстанга быйыл май айында келет.

Адегенде Памир кыргыздары үй-бүлөлөрү менен Нарында жашайт. Андан кийин алар облустун беш районуна — Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Кочкор жана Ат-Башы районуна көчүрүлөт. Алардын турак-жай акысын жергиликтүү бийлик төлөйт.

Памир кыргыздарын көчүрүү зарылдыгы алардын билим алууга мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам келип чыккан.

Мамлекеттик миграция кызматынын кыргыздар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова Kloop.kg менен болгон маекте Памир кыргыздарынын жашашына эң ылайыктуу шарт Нарын облусунда экенин айтты. Азыр алар Ооганстандын бийик тоолуу райондорунда жашап жатышат.

Кыргызстан менен Ооганстандын бийлик өкүлдөрү декабрдын аягында Памир кыргыздарынын маселелерин чечүү боюнча кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшкан. Ал келишим Памир кыргыздарынын балдарына ата-энелери менен кошо Кыргызстанга келип билим алууга мүмкүнчүлүк берет.

Памир кыргыздарынын келишине жолтоо болуп жаткан кыйынчылыктардын бири — чет өлкөлүк паспорттордун жоктугу. Ооганстандын жетекчилиги бул маселени чечиши керек.

Азыркы Памир кыргыздары — Ооганстанга 1575-жылдан 1930-жылга чейин көчүп барган кыргыздардын тукумдары. Алар Улуу жана Кичүү Памирдин тоолорунда кыйын шартта, билим алууга жана саламаттык сактоого жеткилиги жок жерде жашашат.

Памирликтерди тарыхый мекенине кайтарып келүү маселеси Кыргызстандын өкмөтүндө бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей келген. Жыл сайын Кыргызстан Памир тоолоруна экспедицияларды жөнөтүп, алар ал жакта жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип турушат. Учурда Памирде эки миңдей кыргыз жашайт.


ТЕМА БОЮНЧА: