Түрк саясатчыларынын Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр үчүн Европада үгүт жүргүзүшүнө кантип тыюу салынып жатат?

Түркиянын өкмөтү Европадагы өз жарандарынын арасында түрк Конституциясына түзөтүү киргизүү боюнча референдумду колдошу үчүн акция өткөрүүгө аракет кылып жатат. Бирок Европанын төрт мамлекети өз аймактарында Түркиянын үгүт жүргүзүшүнө уруксат берүүдөн баш тартышты.

Нидерланд эки түрк министрин Роттердам шаарында жашаган мекендештери менен жолугушууга киргизбей койду.

Саясатчылар акция өткөрүп, анда Конституцияга түрк президентинин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейте турган түзөтүүлөрдү киргизүүнү алдыдагы референдумда колдоп берүүгө түрк жарандарын ынандырууга аракет кылмак болушкан.

Бирок Нидерланддын бийлиги 11-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагына өз аймагында конууга тыюу салды. Ошондон кийин Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык саясат боюнча министри Фатма Бетүл Саям Кая да Германиядан келип Роттердамда акция өткөрүүгө аракет кылды эле, ал да «мамлекет каалабаган чет өлкөлүк» катары баалынып, өлкөдөн чыгарылды.

Өлкөнүн өкмөтү бул чечимин мындай иш-чаралардагы коомдук тартипке жана коопсуздукка тынчсызданганы менен түшүндүрдү. Нидерланддын өзүндө 15-мартта парламенттик шайлоо болот.

Түрк саясатчыларын чыгарып жиберүү Нидерланддагы түрк жарандарынын арасында козголоң пайда кылды. Жүзгө жакын түрк жараны Роттердамдагы түрк элчилигинин жанында нааразылык акциясын өткөрдү. Аларды кууп таратыш үчүн голланд полициясы суу чачкыч колдонду, митингчилер болсо полицияга таш менен шише ыргытып жатышты.

Сүрөт: Associated Press

Түркиядагы Нидерланд элчилигинин имаратынын алдында да митингдер болуп, ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды колдогон 100дөй киши катышты.

Бүгүнкү күндө Нидерландда Түркиянын 400 миң жараны жашайт.

Фашизм боюнча айыптоо

Нидерланддын аракетине жооп катары Эрдоган голландциялыктардын кылыгын фашизм менен салыштырып айыптап чыкты. Ал нидерланд дипломаттарына каршы санкциялар тууралуу да сөз кылды.

«Эгерде шаршембидеги шайлоонун айынан түрк-голланд мамилелерин садага чапкыңар келсе, бул силер үчүн кымбатка түшөт. Мен фашизмдин доору бүттү деп ойлочу элем, бирок жаңылыптырмын. Фашизм иш жүзүндө Батышта эле жашап жатыптыр», — деди Эрдоган.

Нидерланд — президент Эрдоган фашизм менен байланыштырган биринчи Европа өлкөсү эмес. Өткөн жумада Германиянын бийлиги да түрк өкмөтүнө акция өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартканда Эрдоган Германиянын аракеттери «фашисттердин убагындагы аракеттерден айырмаланбай турганын» айткан.

Сүрөт: Regnum.

Нидерланд менен Германия Эрдогандун сөздөрү «ылайыксыз» экенин айтып, анын кечирим сурашын күтүп жатышканын билдиришти.

Даниянын премьер-министри Ларс Лёкке Расмуссен Нидерланд менен тилектештигин билдирип, Түркиянын өкмөт башчысы менен Копенгагенде боло турган жолугушуусун кийинкиге калтырды.

Мурда Австрия менен Швейцариянын бийлик өкүлдөрү да бул өлкөлөрдө жашап жаткан түрк жарандарынын алдында түрк өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөшүнө тыюу салган.

Швецияда да түрк бийлигинин үгүтүнө тыюу салынды. Бирок Тышкы иштер министрлиги бул чечим стадион ээсинин иш-чара өткөрүүнү каалабай жатканы менен байланыштуу экенин билдирди. Эгерде түрк бийлиги башка жер тапса акциясын өткөрө алат.

Азырынча Франция түрк саясатчыларына митинг өткөрүүгө уруксат берген Европаын бирден-бир өлкөсү боюнча турат. Түрк бийлигинин өз мекендештери менен болгон жолугушуусу Франциянын түндүк-чыгышындагы Мец шаарында өтүп, ага миңге жакын киши келди.

Бул кадамы үчүн Франциянын бийлиги оппозициянын сынына кабылды. Ал эми Франциянын президентинин кызматына талапкерлигин койгон Эмманюэль Макрон ЕБ өлкөлөрүнүн баарын Европанын демократиялык принциптерин сактап калыш үчүн мындай митингдерге тыюу салууга үндөдү.

Түркияда 16-апрелде Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтөт. Алар президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтип, өлкөнү парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөрөт.

Азыр Түркиянын чегинен тышкары анын беш миллиондон ашуун жарандары жүрөт. Германияда Түркиядан баргандар быйыл дээрлик бир жарым миллионго чейин жетти, андыктан азыркы бийлик үчүн өлкөнүн сыртында Конституциянын колдоо табышы өтө маанилүү.

Сүрөт: Associated Press