Илим Карыпбеков: «Балким, мен рулда уктап кеткен болушум мүмкүн»

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жол кырсыгынан кийин биринчи жолу журналисттер менен маектешти. Ал жол кырсыгынын себептери эсинде жок экенин айтты, бирок чарчагандыктан рулда уктап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдойт.

Реанимациядан жөнөкөй палатага которулгандан кийин Карыпбеков «Спутник» маалымат агенттигинин журналисти менен маектешти. Ал жол кырсыгынын себебин эстей албай жатканын жана чарчагандыктан рулда уктап калган болушу мүмкүн экенин айтты.

«КТРКда иштеген кыйын. Мен үйгө каналдагы кечки жаңылыктар чыгарылып бүткөндөн кийин келем. Ал күнү жумуштан кийин досум менен кафеде жолугушканбыз. Тамак ичип көпкө отуруп калдык. Кафеден чыктык. Токомбаев көчөсүндө баратканымды билем, өз үйүмдөн анча алыс эмес жерде жол кырсыгына кабылдым. Бирок дал ошол учурда эмне болгонун эмгиче эстей албайм […]. Рулда уктап кеткенминби же бир нерсеге алаксып кеттимби, эсимде жок», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлиги: Илим Карыпбеков жол кырсыгынан кийин өзүнө келди

Карыпбековдун айтымында, ал автоунаа айдап баратып телефон аркылуу сүйлөшкөн эмес. Ошондой эле КТРКнын башчысы ичкилик ичпегенин айтты, аны Саламаттык сактоо министрлиги да тастыктайт.

Карыпбеков 1-мартка караган түнү жол кырсыгына кабылган. Ал автоунаасын айдап чыгыш тарапка Аалы Токомбаев көчөсү менен бараткан, бирок «Сенатор» кафесинин маңдайында бордюрдан ашып түшүп мамыны сүзүп калган.

Тез жардам бригадасынын дарыгерлери жол кырсыгынан 12 мүнөт өткөн соң жетип келишкен. Ооруканага алып баратканда Карыпбековдун жүрөгү токтоп калып, бирок дарыгерлер ага кайрадан жан киргизүүгө жетишкен.

Татаал операциядан кийин Карыпбеков канын көп жоготкондуктан жасалма комага киргизилген. Ал ошол күнү эсине келген. Дарыгерлердин айтымында, бир нече күндөн кийин ал бутуна тура баштаган.

Милиция Карыпбеков туш болгон жол кырсыгын иликтөөнү улантууда. Кайгуул милициясынын кызматкерлери КТРКнн башчысы автоунаасында жалгыз болгонун билдиришти.


ТЕМА БОЮНЧА: