Президентти коргоо боюнча «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы доо арызды Бишкек шаардык соту карайт

Президенттин ар-намысын коргоо боюнча Башкы прокуратуранын «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы доо арызы каралган жок. Иш Бишкек шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлдү.

«Азаттык» үналгысынын медиа-өкүлү Акмат Алагушев бүгүн сот болбогонун, анткени иш Бишкек шаардык сотунун кароосуна жиберилгенин айтты. Жаңы отурумдун мөөнөтү азырынча белгисиз.

Алагушев президент эки маалымат каражатынан моралдык чыгымдын компенсациясы катары өндүрүп берүүнү суранган акча — «ат көтөргүс сумма» деп эсептейт.

«Эгерде соттор мындай иштерди канааттандырса, доочусу президент болсо, анда белгилүү бир чечимдер чыгаарын азыртан эле көрсө болот», — деди Kloop.kgге Алагушев.

Медиа-өкүлдөр мурда Ленин райондук соту материалдарга бөгөт койгон чечимге каршы даттанууга аракет кылышты. Бирок алардын өтүнүчү да Бишкек шаардык сотуна жиберилди.

2017-жылдын март айынын башында Башкы прокуратура «Азаттык» менен «Занозага» каршы доо арыз берген. Алар «жалган» маалымат таратып, президенттин ар-намысына шек келтиришти деп айыпталган.

Доо арызга Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушкан имиш деген Түркиянын «Haberler» басылмасындагы материалдын котормосу себеп болгон.

Басылмалар Текебаевден да комментарий алып, ал Бакиев менен жолугушканы тууралуу маалыматты четке каккан.

Доо арыз берилгенден кийин Башкы прокуратура бул материалдарды жаап салууну өтүнүп, сот аны канааттандырган.

Башкы прокуратура моралдык чыгымдын ордун толтуруу катары «Азаттыктан» 10 миллион сом, «Занозадан» болсо 3 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: