«Ата Мекендин» юристтери президентке каршы 120 миллион сомдук экинчи доо арыз беришти

«Ата Мекен» партиясынын юристтери президент Алмазбек Атамбаевди экинчи ирет сотко беришти. Доо арыздын себеби — партиянын үч депутатын алар 2010-жылы «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатып жиберүүгө аракет кылышкан деген айыптоо.

Kloop.kgге юрист Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, доо арыз Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Доо арызга президент Алмазбек Атамбаев депутаттар Өмүрбек Текебаевди, Аида Салянованы жана Алмамбет Шыкмаматовду «Мегаком» уюк операторунун акцияларынын бир бөлүгүн сатып жиберүүгө тиешеси бар деп айыптаганы себеп болду.

«Ата Мекендин» юристтери президенттин билдирүүсүн жалаа деп баалашты.

«Биз муну фракция башчысынын жана эки депутаттын ар-намысына шек келтирген жалаакор билдирүү катары баалайбыз. Моралдык чыгым 120 миллион сомго бааланды», — деди партиянын юристи Азиз Канатбек.

Партиянын юристтери «УКМКнын төрагасы мамлекет башчысына берген документтер жасалма» деп эсептешет.

«Биз трасттык документтердин жоктугун ырастаган кагаздарды көрсөткөнбүз. Бирок тилекке каршы ушул күнгө чейин бул тууралуу баары унчукпай эле келатышат. Ошондуктан биз [сотко] кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алдык», – деди Токтакунова.

2016-жылдын ноябрында УКМК Белиз мамлекетинен документтерди алганын, алар «Мегакомдун» акцияларын сатууга аталган үч депутаттын кызыкчылыгы болгонун далилдей турганын билдирген.

Текебаев өзү ал документтерди «өтө орой жасалмаланган» деп атаган. Анын айтымында, бул документтер ага жана башка оппозициячыл саясатчыларга кысым көрсөтүш үчүн колдонулуп жатат.

Президентке каршы биринчи доо арызды партиянын юристтери 9-мартта беришкен. Доо арызга 6-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде президенттин жасаган билдирүүсү себеп болгон. Анда Атамбаев партияны «сасык», ал эми Өмүрбек Текебаевди «мародёр» деп атаганы юристтерди нааразы кылган.

Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсү

Президент Текебаев менен тирешүүнүн шартында анын партиясын да, өзүн да сынга алып кирген. Бул тирешүү Атамбаев жана анын администрациясы Конституцияга киргизүүнү сунуш кылган түзөтүүлөрдү «Ата Мекендин» башчысы жана анын таламдаштары сынга алышканда башталган. Түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында референдумда кабыл алынган.

Текебаев Атамбаевдин мүлкү жөнүндө маалыматты иликтеп, жарыя кыла баштаган. Ошондой эле Текебаев мартта президентке каршы импичмент процедурасын баштамакчы болгон.

Оппозициячы кызмат сапарынан кайтып келатканда, «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.

Андан бир күн мурда ага каршы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсүнө байланыштуу «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский «Мегаком» уюк операторун башкарууга шарт түзүп бериши үчүн Текебаевге 2010-жылы пара бергенин билдирген.

Текебаевдин тарапкерлери дароо эле УКМКнын алдына нааразылык акциясы менен чыгып, аны бошотууну талап кылышкан. Бирок митингдерге карабастан, Биринчи май райондук Текебаевди эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: