Карта: Борбордун кайсы жолдору башынан оңдоло баштады?

Бишкекте жолдорду кайра куруу башталды. Иштин жүрүшүндө 92 көчө менен 10 көпүрөнү оңдоп чыгуу пландаштырылууда. Мэрия оңдоо иштеринин баарын быйыл жайында бүтүрүүгө убада берип жатат.

Башкалаанын 11 көчөсү башынан баштап оңдолот:

  • Достоевский көчөсү (Ахунбаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин);
  • Көлбаев көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин);
  • Саадаев көчөсү (Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин);
  • Щербаков көчөсү (Ганди көчөсүнөн Бакы көчөсүнө чейин);
  • Профсоюз көчөсү (Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин);
  • Гагарин көчөсү (Тагай Бий көчөсүнөн Айбийке көчөсүнө чейин);
  • Лущихин көчөсү (Фрунзе көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин);
  • Жамгырчинов көчөсү (Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин);
  • Медеров көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин);
  • Иманалиев көчөсү (Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин);
  • Токомбаев көчөсү (Токомбаев көчөсүнүн уландысынан 12-кичирайондон тартып Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин).

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө Медеров көчөсү Токтоналиев көчөсү менен бириктирилет. Лущихин көчөсү Барпы Алыкулов көчөсүнө чыгат. Ошондой эле жаңы тротуарлар курулуп, сугат жаймалары орнотулат. Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 98 чакырымды түзөт.

49 көчө менен 10 көпүрөнүн оңдолушу төрт миллиард сомдон ашык грант бөлүп берген Кытай өкмөтү тарабынан каржыланат. Калган көчөлөрдүн оңдолушуна шаардык бюджеттин акчасы жумшалат.

Мэриянын масма сөз кызматы быйыл Бишкектин бардык төрт районунда жалпысынан 92 жол менен 10 көпүрө оңдоло турганын билдирди.

Биринчи май районунда 23 көчө, Ленин районунда 27 көчө, Октябрь жана Свердлов райондорунун ар биринде 21 көчө оңдолот. Оңдоо иштеринин баарын быйыл жайында бүтүрүү пландалууда.


ТЕМА БОЮНЧА: