Текебаевдин адвокаттары Бишкектин мэрине 1 миллион сом төлөөгө каршы даттанышты

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин юристтери аны Бишкектин мэри Албек Ибраимовго 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы даттанышты. Мэр ар-намысты коргоо беренеси боюнча Текебаевди сотко берген.

«Ата-Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы даттанышты. Андан бир күн мурда, 13-мартта, сот Текебаевди Бишкек мэрине моралдык чыгымдын компенсациясы катары 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Иш Бишкек шаардык сотунда каралат. Иштин карала турган учуру азырынча белгисиз.

Мурдагы чечимди сот Текебаевдин юристтери жок кезде кабыл алган. Оппозициячынын адвокаты Таалайкүл Токтакунованын айтымында, сот жоопкер тараптын жүйөлөрүн чечим чыгаруунун алдында угушу керек болчу. Бирок судья Текебаевди жыйынга катыштыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырган эмес. Нааразылык иретинде юристтер жыйын залынан чыгып кетишкен.

Сот чечим мыйзамдын негизинде чыгарылган деп эсептейт, анткени адвокаттарда ишеним кат бар жана алар оппозициячынын позициясын билдире алышат, ал эми Текебаевди жыйынга катыштырууга шарт болгон эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов. Сүрөт: Султан Досалиев

Бул иш боюнча сот процесси 2016-жылдын ноябрынан бери созулуп келген. Мэр Ибраимов Текебаевдин айткандары анын ишкерлик аброюна шек келтирди деп эсептегендиктен депутатка каршы доо арыз берген.

Текебаев Бишкектин мэри болуп дайындалыш үчүн Ибраимов Кой-Таш айылындагы жерди президент Алмазбек Атамбаевге бергенин айтып келген.

Оппозициячы ошондой эле Ибраимов «Манас» аба майданынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда борттогу тамактандыруу цехин кымбат баада сатып алганын да айткан.

2016-жылдын октябрында Башкы прокуратура бул маалыматты текшерип, эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес. Жерди алуу-сатуу бүтүмү мыйзамдуу түзүлгөн, борттогу тамактандыруу цехинин баасы ашып кеткени жөнүндө жүйөлөр да ырасталган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: