Базар-Коргон: Текебаевдин тарапкерлери депутатты бошотууну талап кылып кайрадан митингге чыгышты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында эки айга камакка алынган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин митинги өттү. Митингдегилер саясатчыларды бошотууну талап кылышууда.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыкка» митингге 1000дей адам катышканын билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге митингге ашып кетсе 300 киши чыкканын айтты.

Митингдегилердин негизги талабы мурдагыдай эле — УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Текебаев менен Чотоновду бошотуу.

«Митингдегилер [Бишкек-Ош] жолун жабууга камынышкан, бирок милиция кызматкерлери ага жол беришкен жок», — деди Осмонбаев.

Базар-Коргон районунун акими нааразылык акциясындагы тартипке 100гө жакын милиция кызматкери көз салып турганын айтып берди.

Саясатчыларды колдогон митингдер саясатчынын кармалышынан улам башталган. Нааразылык акциялары эки айылда — Текебаев туулган Жалал-Абад облусунун Акман айылында жана Чотонов туулган Ош облусунун Алайкуу айылында жүрүп келген.

Оппозициячы кызмат сапарынан кайтып келатканда, «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган. Андан бир күн мурда ага каршы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсүнө байланыштуу «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский «Мегаком» уюк операторун башкарууга шарт түзүп бериши үчүн Текебаевге 2010-жылы бир миллион доллар бергенин билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча Чотонов бул келишимде ортомчу болгон, ал 26-февраль күнү эртең менен кармалган.

Кармалгандан кийин Текебаев менен Чотонов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.

Саясатчылардын тарапкерлери дароо эле УКМКнын алдына нааразылык акциясы менен чыгышкан. Бирок оппозициянын нааразылыгына карабастан, Биринчи май райондук Текебаев менен Чотоновду эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: