Бишкекте саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн жүрүш болот

Бишкекте 18-мартта сөз эркиндиги үчүн жүрүш болот. Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазадагы «Жеңиш паркынан» Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басышат.

Жүрүштүн урааны — «Сөз эркиндиги жана саясий укуктар үчүн». Жүрүш эртең мененки саат 10до Түштүк дарбазадагы «Жеңиш паркында» башталат. Анын катышуучулары Абдырахманов (мурдагы Совет) көчөсү менен парктан баштап Революциянын каармандарынын аянтындагы Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басышат.

Уюштуруучулар мурдатан, 10-мартта бул акция тууралуу мэрияга эскертүү беришкен. Марштын багытын Бишкектин милициясы бекитти.

Акциянын максаты — президент Алмазбек Атамбаев соттошо баштаган «Азаттык», «Заноза» жана 24.kg маалымат каражаттарынын журналисттери менен тилектештикти билдирүү.

Эдил Байсалов, социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары, коомдук ишмер.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов «Фэйсбукта», акциянын катышуучулары өлкөдөгү туруктуулукту бузууну каалашпай турганын жазды.

«Биз “кетсин” деген ураан менен чыкпайбыз. Биз бийликти быйыл ноябрда президенттик шайлоо аркылуу гана алмаштырышыбыз керек. Бирок эгерде биз 18-мартта жүрүшкө чыгып, Атамбаевге жарандык эркибизди көрсөтпөсөк, бизде ал шайлоо болот деген да кепилдик жок», — деп жазды ал.

Марттын башында Кыргызстандагы үч ЖМК — «Азаттык», «Заноза» жана 24.kg — президент тууралуу кеп болгон материалдарды жарыялашканы үчүн сотко берилди. Башкы прокуратура Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн ЖМКларга каршы доо арыз берди.

Президентке моралдык чыгым катары төлөтүп берүү талап кылынган жалпы сумма 33 миллион сомду түзөт. Президент өз сөзүндө бул ЖМКларды бир нече жолу сындап келген.

Басылмалар өздөрү доо арыздарды негизсиз деп эсептешет, анткени алар өз маалымат булактарынын айтканын сөзмө-сөз чагылдырышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: