Михайлов: «ТИМ мага каттоо режимин бузганым үчүн өлкөгө киришиме тыюу салынганын билдирди»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан Орусиянын «Регнум» басылмасынын шеф-редактору Григорий Михайловду чыгарып жиберүү жөнүндө Орусия элчилигинин нотасына жооп берди. Журналисттин айтымында, анын каттоосунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен жана журналисттик аккредитациясы жок болгондуктан ага өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Михайлов «Спутник» басылмасы менен болгон маегинде, ага Кыргызстанга кирүүгө эмне үчүн тыюу салынганын айтып берди.

«Министрлик мен каттоонун мөөнөтүн өткөрүп жиберип, журналисттик аккредитациям жок болгондуктан мыйзам бузганымды, ошондуктан менин өлкөгө киришиме тыюу салынганын билдирди», — деди Михайлов.

Орусия элчилиги азырынча Михайловдун чыгарылышы боюнча маалыматты ачыкка чыгара элек.

«Биз Тышкы иштер министрлигинен жооп иретиндеги нотаны алдык, бирок ал нотанын мазмунун мен сизге айтып бере албайм. Азырынча биз аны Григорий Михайловдун өзүнөн башка эч кимге ачпайбыз. Михайлов өзү тыюу салуунун себептери тууралуу билет», — деди Кыргызстандагы Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова.

Кыргызстандын ТИМи да абалга комментарий бере элек.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько мурда Михайлов элчиликтеги консулдук каттоого турбагандыктан жана дипломатиялык өкүлчүлүк уюштурган иш-чараларга келбегендиктен депортацияланганын билдирген.

«Демек биз ал тууралуу юридикалык жагынан кабардан болгон эмес экенбиз. […] Ал Кыргызстандын ТИМинде да, өкмөтүндө да аккредитациядан өтпөгөнү билинди. Андыктан мен мындан эч кандай саясат деле көргөн жокмун. Кыргызстандын түмөндөгөн жарандары ошондой эле жобону бузганы үчүн Орусиядан чыгарылып турат, бул жерде деле ошол абалдын күзгүсү», — деди Крутько.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев Михайлов журналист болгондуктан элчиликтеги консулдук каттоого турууга милдеттүү болгонун билдирди.

«Эгерде орус жарандыгындагы журналист Кыргызстандын аймагында туруктуу же убактылуу жашап жүргөн болсо, ал элчиликтеги консулдук каттоого турушу керек болчу», — деди юрист.

Өлкөдөн чыгаруу

Журналист Григорий Михайловду Казакстанга өздөрүн ИИМдин 10-башкы башкармалыгын кызматкери катары таныштырган адамдар чыгарып кетишкен. Бул башкармалык экстремизм менен терроризмге байланышкан иштер менен алектенет. Алар ага Бишкектеги Жеңиш аянтында документтерин текшергени басып келишкен. Журналист өзү — Орусиянын жараны.

Михайловдун каттоо мөөнөтү өтүп кеткен. Михайловдун айтымында, милиция кызматкерлери аны өз автоунаасында «Ак-Жол» чек ара бекетине алып барып, чек арадан өтүп жаңы каттоо менен кайра келүүнү сунуш кылышкан.

Бирок журналист Кыргызстанга кайра кирмекчи болгондо анын өлкөгө киришине тыюу салынганын айтышкан. Ага эч кандай документтер көрсөтүлгөн эмес.

Журналисттин пикиринде, укук коргоо органдарынын мындай аракеттери анын макалалары менен байланыштуу, анткени анын Кыргызстандагы окуяларга берген баасы азыркы бийликке жакпай калышы мүмкүн. Азыр журналист Москвада жүрөт.

Авторлошу: Александра Титова


ТЕМА БОЮНЧА: