Тай бокс: Кыргызстандыктар дүйнөлүк чемпионатта сегиз байгелүү орунга ээ болушту

Кыргызстандык спортчулар Тайландда тай бокстун WMF түрү боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатта эки алтын, төрт күмүш жана эки коло медал утуп алышты.

Кыргызстандык сегиз спортчу Бангкокто (Тайланд) тай боксу боюнча өткөн XIV Дүйнөлүк чемпионатка катышты.

Чемпионатта 42 өлкөдөн спортчулар барган.

Кыргызстандык тайбоксчулар эки алтын, төрт күмүш жана эки коло медалга ээ болушту.

Турнирдин мыкты спортчусу деп кыргызстандык Жаныбек Бейшенбек уулу табылып, ал 65 килограммга чейинки салмактагы жарым профессионалдар арасында алтын алды.

«Өспүрүмдөр» тобундагылардын арасында 67 килограммга чейинки салмакта 1-орунду 17 жаштагы Исламбек Байышбек уулу алды.

Спортчулардын көпчүлүгү 18ге чыга электер.

Өспүрүмдөрдүн арасында 1 жана 2-орундарды 15 жаштагы Альберт Советов, 16 жаштагы Эрлан Мусаев жана 17 жаштагы Исламбек Байышбек уулу жана Айбике Исаева алган.


ТЕМА БОЮНЧА: