Балаңыздын жашоосун кантип экологиялуу кылса болот?

Бул макалада баланын бөлмөсүн кантип экологиялуу кылыш керек, аны абадагы микробдордон жана гаджеттердин зыяндуу таасиринен кантип сакташ керек деген суроолор боюнча кеңештер жазылган.

Макаланын түп нускасы ЛИВЕНЬ. Living Asia сайтында жарыяланган. Макаланын автору – Рахат Асангулова.

Оюнчуктар

  • Жумшак оюнчуктарда чаң кенелери болушу мүмкүн. Баланы алардан кантип сактаса болот? Жок дегенде айына бир жолу оюнчуктарды тоңдурмага алты саатча коюп тургула — аяз зыянкечтерди жок кылат.
  • Оюнчуктарды сатып алып атканда товардын маркировкасына, товар жасалган материалга көңүл бургула, андан да жакшысы — шайкештик сертификатын талап кылгыла. Эң коркунучтуу оюнчуктар жумшак пластиктен — пластизолдон жасалат.
  • Оюнчуктар балаңыз үчүн коркунучтуу заттарды камтышы ыктымал. Оюнчук ачык түсү, кескин жыты болсо, катуу үн чыгарса сак болуш керек.

Эмерек

Фитонциддер — өсүмдүктөр чыгарган, бактерияларды өлтүрүп же алардын өсүшүн басаңдата турган биологиялык таасирдүү заттар (Википедиядан).
  • Линолеум нукура гана болушу керек, башкача айтканда зыгыр майынан, чайыр сагыздан, тыгындан, жыгач жана акиташ унунан гана жасалган болушу зарыл. Линолеум тууралуу маалымат канчалык көп болуп, кескин жыты азыраак болсо, ошончолук жакшы.
  • Нак жыгачтан жасалган эмерек жагымдуу фитонциддерди чыгарып турат — алар бир нече жылдан кийин деле бөлүнө берет.
  • Жыгач-чамынды тактасынан (ЖЧТ) жасалган эмерек — айрыкча жаңысы — уулуу заттарды бөлүп чыгарат (мисалы, формальдегид). Эгерде силер кантсе да ошондой эмерек тандап алсаңар, анын сертификаты болсун. Бөлмөнү адаттагыдан көбүрөөк шамалдатып турганды унутпагыла.
  • Балдар бөлмөсүн сырдаганда сырдын зыянын аз кылыш үчүн сууга эрий турган же табигый сыр тандап алгыла — казеинден же акиташтан жасалганын тандаганыңар оң. Канча аз катмар болсо ошончолук жакшы.
  • Синтетикалык килемдерде түгү узун жүн килемдерге караганда чаң кенелери аз болот. Эң гигиеналуу килемчелер — пахтадан жасалгандары, аларды чоң температурада жууй берсе болот.

Аба

  • Балдар бөлмөсүн шамалдатып туруу өтө маанилүү. Турак-жай имараттарындагы абада 100дөн ашуун учма химиялык заттар болот. Көчөдөгү абанын булганышы үйдөгү абанын булганышынан 1,8-4 эсе гана көп болушу мүмкүн.
  • Өсүмдүктөр — абадагы микробдор менен күрөшүүдө эң мыкты жардамчылар. Абаны чырмоок, хризантема жана алоэ эң жакшы тазалайт. Ал эми аспарагус оор металлдардын бөлүкчөлөрүн жутуп алат.
  • Бөлмөнү балдар бар кезде чаң соргуч менен тазалаган туура эмес — микробөлүкчөлөр абага толуп кетет.
  • Бир суткада биз аба менен кошо эки чай кашыкка жакын чаң жутабыз. Булганыч заттардын абадагы эң чоң топтолушу 1-1,5 метр бийиктикке туш келет — демек, чаңдан балдар баарынан көп жабыр тартат.

Гаджеттер

SAR (Specific Absorption Rates) жутуунун салыштырма коэффициенти. Бул көрсөткүч кишинин организминин ичинде бир секундда бөлүнүп чыккан электромагниттик талаанын кубатын аныктайт. SAR килограммына ватт менен өлчөнөт. SARдын деңгээли канчалык жогору болгон сайын, тигил же бул түзмөк адам үчүн ошончолук коркунуч туудурат.
  • Уюк телефону — электромагниттик нурдануунун күчтүү булагы. Балаңызга телефон алып берип жатып SAR маркировкасына көңүл буруңуз.
  • Эски телефондордун SARы жаңыларыныкынан жакшы. Чалганда ушул коэффициент да жогору.
  • Баланы телефонду денесинен алыс алып жүргөнгө, сүйлөшүп жатканда гарнитура колдонгонго, телефонду байланыш түзүлгөндөн кийин гана кулакка алып келгенге, телефонду күнүнө бир сааттан азыраак пайдаланганга үйрөткүлө.
  • Бала компьютерде күнүнө эки сааттан көп отурбашы керек — компьютерде дароо эки электромагниттик нурдануу булагы бар (монитор жана системалык блок).

Тамактануу

  • Бала эмизген аялдар бир катар жашылчалардан баш тартканы оң. Капуста, сабиз, бадыраң, кабачки, укроп, шпинат — мунун баарында нитраттар көп, алар сүткө кошулат. Баланын нитраттарга каршы коргоо механизмдери бир жашында гана иштелип чыгат.
  • Сактоо мөөнөтү узак, азык кошулмалары (айрыкча глутаматтар) бар сүт азыктары, сагыздар, чипстер, кириешкалар, газдалган суусундуктар — ушунун баарын балдарга тыюу салыш керек.
  • Пластиктен балдар шишесин жасаш үчүн бисфенол А (БФА) заты колдонулат, анын таасири эстрогендин — аялдардын жыныстык гормонунун таасири менен бирдей. Эстрогендин ашыкча өлчөмү денени начар абалга алып келет — мисалы, семиртет. Андан көрө айнек шишечелерди тандап алгыла.

Кийим жана багуу

  • Антисептикалык самындар теринин коргонуч механизмдерин бузат — андан баш тартып эле койгон жакшы.
  • Алюминий, толуол, фтор кошулган тиш пасталары ичегинин ишин начарлатып, тиштердин мүлкүн сезгентип, канжалатышы мүмкүн.
  • Этикеткаларды окугула. Балдардын денесине тийе турган кийимдерин жалаң табигый кездемелерден тандагыла.

Материал Ресурстар менен энергияны сактоо боюнча мектеп долбоорунун «Маалымат кабарчысынын» № 6-чыгарылышында жарык көргөн «Балдар бөлмөсүнүн экологиялык коопсуздугу» макаласынын негизинде даярдалды. Программа Кыргызстандагы «БИОМ» экологиялык кыймылы тарабынан ишке ашырылат.


ТЕМА БОЮНЧА: