Кочкор: Мугалимдер бийик тоолуу аймактар үчүн кошумча акча кыркылып калганына байланыштуу митингге чыгышты

Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Арзымкан Бостонов атындагы орто мектептин мугалимдери нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийлик бийик тоолуу шартта иштегендерге 20 пайыздык кошумча акча төлөбөй калганына нааразы болушту.

Наразылык акциясына 40ка жакын мугалим чыгып, эмгек акыга 20 пайыздык кошумчаны кайра калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Арзымкан Бостонов атындагы орто мектептин математика мугалими Темирбек Эсеналиев эмгек акы эки эсе азайганын — бийик тоолуу шартта иштегендер үчүн кошумча жана эмгек стажы үчүн кошумча алынып ташталганын айтты. Анын сөзүнө караганда, мурда анын айлыгы 14 миң сом болсо, азыр 7900 сом алат.

«Бул калыстыкка жатпайт. Бийлик мурда айлыкты туура эмес эсептеп жүргөнүн айтып жатат. Бирок коңшулаш айылдар ушундай эле бийиктикте жайгашканына карабастан 10 пайыздык кошумчаны алып эле жатышат», — деген ал.

Коңшулаш Кара-Тоо айылынын мектеп директору Чолпон Өмүрованын айтымында, анын кол астында иштеген педагогдор да бийлик кошумча акчаны алып салганына нааразы. Анын сөзүнө караганда, айыл 1810 метр бийиктикте жайгашканына карабастан мугалимдердин 10 пайыздык кошумча акчасы алынып салынган.

Семиз-Бел айыл кеңешинин депутаты Бакыт Бейшенбеков мугалимдер бул айылды бийлик «бийик тоолуу эмес» деп эсептегендиктен митингге чыгышканын айтты.

«Биздин мугалимдер бийик тоолуу райондо иштешет, мурда аларга кошумча акча төлөнчү. Жаңы түзөтүүлөргө байланыштуу кошумча акча төлөнбөй калды. Мугалимдер ошого нааразы», — деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси Салмоор Асановдун айтымында, текшерүүдөн кийин Семиз-Бел айылы 1790 метр бийиктикте жайгашканы аныкталган, ошондуктан кошумча акча төлөө токтотулган.

Мыйзам боюнча бийик тоолуу райондор деп 1800 метрден жогору жайгашкан жерлер эсептелет.

Сүрөт: «Спутник»


ТЕМА БОЮНЧА: