Өзгөн: жер көчкү жолду басып калды, эч ким жабыркаган жок

Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчкү автоунаа жолун басып калды. ӨКМдин маалыматы боюнча курман болгон эч ким жок, эч нерсе талкаланган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү Көлдүк жана Какыр айылдарынын ортосундагы жолго 19-мартка караган түнү түшкөнүн билдирди. Курман болгондор жана жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өккүлдөрү жөнөп кетишти. Жер көчкүнүн көлөмү 1650 куб метрди түзөт. Жол тазаланды.

Бул ушул айдагы экинчи жер көчкү. 15-март күнү эртең менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан анча алыс эмес жердеги Сары-Бээ айылында 1 750 000 куб метрлик жер көчкү түшкөн.

Жер көчкүнүн айынан бир нече үй кооптуу абалда калып, бийлик 10 түтүн элди эвакуациялаган.


ТЕМА БОЮНЧА: