Ак-Сай өрөөнүндө 47 үй-бүлө калың кардан чыга албай отурат. Ал жакка куткаруучулар жөнөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнө куткаруучуларды жөнөттү. Ал жакта мал-жаны менен 47 түтүн киши кардан чыга албай отурат.

Ак-Сай өрөөнүнүн кыштоосунда мал баккан чабандар менен төрт чек ара бекети аркылуу шаардык телефондук байланыш бар. ӨКМ чабандар менен алардын үй-бүлөсүнөн эч ким оорубаганын кабарлады.

ӨКМ өрөөнгө тоо шартында иштегенге ылайык техника — карбаскылар жана жер тандабастар менен жабдылган куткаруучуларды жиберди.

Куткаруучулар Торугарт — Көк-Кыя — Кында жолунун 60 чакырымын кардан тазалап бүтүштү, иш дагы эле улантылып жатат. Атайын техниканын артынан малга тоют жүктөгөн 11 автоунаа баратат.

Ак-Сай өрөөнүндө 50дөн ашык чабан жана 14 миң баш мал бар.

Койчулар 12-марттан бери токтобой жаткан кар менен катуу шамалдын айынан кар туткунунда калышкан. Ак-Сай өрөөнүнө бараткан жолду кар күрткүсү бөгөп калган. Өзгөчө кырдаал режими 16-марттан тартып киргизилген.

2017-жылдын январында да Ак-Сай өрөөнүнө бара турган жол жабылып калган. Анда өрөөнгө бара турган жол тазаланып, тогуз түтүн киши жакага түшүп, бирок дагы 47 түтүн киши өз ыктыяры менен калып калган болчу.

Сүрөт: Спутник


ТЕМА БОЮНЧА: