АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Ак Үйдө кабинет ээлейт

АКШ президентинин кызы Иванка Трамп жашыруун маалыматка жеткилик алат, бирок расмий кызматка ээ болбойт жана айлык албайт.

Иванка Трамптын кабинети АКШ президентинин резиденциясынын батыш канатынын экинчи кабатында болот.

Ал президентке ар түрдүү маселелер боюнча кеңеш берет. Мында Иванка Трамп расмий кызмат ордун аркалабайт жана айлык албайт.

«Рейтер» маалымат агенттигинин кабарына караганда, Иванка жашыруун маалыматка жана өкмөттүк телефон байланышына жеткилик алат.

Президенттин кызы расмий иш-чараларга көп катышат. Ангела Меркель АКШга расмий иш сапары менен барганда Иванка Трамп Ак Үйдөгү жолугушууда анын жанында отурган.

Мурда Дональд Трамп Иванканын күйөөсү Жаред Кушнерди өзүнө улук кеңешчи кылып дайындаган. Демократтар мамлекеттик кызматтарга өз туугандарын коюуга тыюу салган мыйзамга таянып, Трампты тууганчылыкка батып кетти деп айыпташкан.

Бирок Трамптын командасы ал кезде бул мыйзам Ак Үйдүн администрациясындагы кызматтарга тиешеси жок экенин билдирген болчу.

Сүрөт: Flickr, Michael Vadon


ТЕМА БОЮНЧА: