Депутаттар «Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун колдошкон жок. Kloop.kgнин редакциясы аңчылыкка мораторий киргизүүгө каршы добуш берген депутаттарды сурамжылады.

Кыргыз парламентинин депутаттары 16-мартта 2030-жылга чейин Кыргызстанда жаныбарларды атууга тыюу салмакчы болгон мыйзам долбоорун четке кагышты.

Мораторийге 56 депутат каршы чыгып, 52 депутат колдоду.

Мыйзам долбоору өлкөдөгү жаныбарлардын ар кандай түрлөрүн көбөйтүш үчүн иштелип чыккан. Анын авторлору жапайы жаратылышты кырып-жоюуга каршы чыгышкан. Демилгенин четке кагылышы экологдордун кыжырын келтирди.

Каршы добуш берген депутаттар кандай жооп беришти?

Элвира Сурабалдиева, КСДП

«Мен сизге айтсам болобу? Сиз мага Улуу Британияга роумингге чалып жатасыз. Мен бул жерде бир жумадан бери жүрөм. Бул даана эле техникалык ката, менин добуш беришим эч мүмкүн эмес. Спикер расмий түрдө шаршембиде мен командировкада экенимди жарыялаган».

Ирина Карамушкина, КСДП

«Кайсы мергенчилик, мен түшүнгөн жокмун? Мен троллейбустамын, бул жер ызы-чуу. Ой, менин эсимде жок, качан болду эле?»

Кожобек Рыспаев, КСДП

«Мен каршы добуш бердим, комментарийдин кереги эмне?»

Азамат Арапбаев, КСДП

«Мен комментарий бергенге милдеттүүмүнбү? Мен добуш бердим — ошол менин позициям».

Мирлан Бакиров, «Өнүгүү — Прогресс»

«Биринчиден, бизде Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга каршы мораторий күчүндө турат. Экинчиден, бюджетке [аңчылыктан] 50 миллион сомго жакын акча түшөт. Андай кылсак бюджет жоготууга учурайт. Негизи мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүш керек. Бизде Ысык-Көлдө балык уулаганга тыюу бар, кандай абалда экенин биз азыр көрүп турабыз. Ушул себептерден улам мен каршы добуш бердим деп ойлойм».

Жаныбек Бакчиев, «Бир Бол»

«Мен ишке ашыра турган, максатка жетсек деп аракет кылган ошол механизм туура эмес деп эсептейм. Мен деле бизде жаныбарлар көп болушун, баары болушун каалайм, бирок тыюу салган туура эмес. Браконьерлер жеке менчик аймакта аңчылык кылбайт. Менчик ээси эч качан өз аймагына чоочун кишини киргизбейт. Башка механизмди иштетип, менчикке берсек болот. Менчик ээси аны коргоп, лицензиялык аңчылык жүргүзөт. Жылына алар беш-алты лицензия беришет».

Гүлкан Молдобекова, КСДП

«Мен катышкан да эмесмин. Мени каршы деп киргизип коюшуптурбу, ээ?»

Рыскелди Момбеков, КСДП

«Мен өкмөттүн корутундусуна таяндым. Анткени мен коалициялык көпчүлүктүн мүчөсүмүн. Өкмөттүн позициясынан улам мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим».

Зиядин Жамалдинов, «Өнүгүү-Прогресс»

«Бул пайдалуу эмес. Азыр жок дегенде анча-мынча акча бюджетке түшүп жатат. Ошондуктан мен бул мыйзам долбоорун колдогонум жок».

Сайдолимжон Жураев, КСДП

«Мыйзам долбоорунун концепциясы туура эмес болгон. Аны жакшылап иштеп чыгыш керек».

Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү-Прогресс»

«Жапайы айбанаттарды атууга мораторий киргизүүнүн долбоору өзүнө коюлган милдеттерди аткара албайт. Мен тескерисинче ошондо жапайы айбанаттар кескин азайып кетеби деп корком.

Кызыл китептеги жаныбарлардын санын сактап калуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлору сунуш кылган механизм компетентсиз жана бүлгүнчүлүк. Иш жүзүндө аңчылыкка тыюу салуу менен мамлекет браконьерликтин мурда болуп көрбөгөндөй толкунун пайда кылат.

Азыр айбанаттардын мыйзамдуу атылышын токойчулар камсыз кылат. Алар жаратылыш аймактарын көрктөндүрүп, жаныбарларды багуу менен да алек болуп жатышат. Алар браконьерликке бөгөт коюу боюнча иштерди да алып барышат. Ал иш сапаттуубу же жокпу — башка маселе. Бирок мыйзамдуу аңчылыкка тыюу салуу менен мыйзам долбоорунун авторлору азыркы системаны талкалап, ордуна эч нерсе сунуш кылбай жатышат.

Бизде мергенчиликти жөнгө сала турган мыйзамдар бар. Биз жаңы мыйзамдарды иштеп чыкпай эле, азыр иштеп жаткан мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылышыбыз керек», — деди Төрөбаев.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ