Каржы полициясы «Вечерний Бишкек» тууралуу иш боюнча Александр Кимди кайрадан суракка алат

Каржы полициясы «Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Кимди суракка алды. Ал 2015-жылдан бери басылмадан мыйзамсыз дивиденд алып жүргөн деп шек саналууда. Бул иш боюнча кийинки сурак 27-мартта болмокчу.

Сурак үч саатча созулду. «Рубикон» компаниясынын жана «Вечерний Бишкектин» ээси Александр Кимдин айтымында, Каржы полициясынын кызматкерлери «өздөрүн туура алып жүрүп, баары мыйзам чегинде болду».

«Биздин өтүнүч каттарыбыздын баары канааттандырылды. Бизде кандайдыр олуттуу соттук документтер аларда дегеле жок окшойт деген пикир пайда болду. Ошондуктан биз аларга көрсөткөн документтерибиз алар үчүн ачылыш болду. […] Рябушкин өзүнө керектүү документтерди гана көрсөткөн экен», – деди Ким.

Кимдин адвокаты Сергей Воронцов суракта негизинен «Рубикон» компаниясынын кожоюндарынын алмашуусу тууралуу кеп болгонун айтты.

Сурактан кийин Ким тергөө учурунда эч кайда кетпестиги тууралуу тил кат жазып берди. Кийинки сурак 27-мартта болот.

Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Каржы полициясы) Александр Ким 2015-жылы «Вечерний Бишкек» басма үйүнөн дивиденддерды мыйзамсыз алып чыгып кеткен деп шектенүүдө.

Бирок Ким өзү Kloop.kg менен болгон маекте ага каршы ачылган кылмыш ишинин негизи жок экенин билдирди.

Ал 2015-жылы дивиденд алууга укуктуу болгонун билдирди. Ал учурда «Вечерний Бишкек» боюнча иш сотто болгон жана компания жаңы кожоюн Александр Рябушкинге өтө элек болчу.

Өз билдирүүлөрүнүн баарын Ким тергөөчүлөргө өткөрүп берген документтер менен тастыктады.

Кимди камакка алуу аракети

Каржы полициясынын кызматкерлери Кимдин үйүнө 17-мартта келишкен. Алар аны эч жакка кетпестиги тууралуу тил катты бузган жана издөөдө жүргөн имиш деп камакка алууга аракет кылышкан. Ошол эле учурда мекеменин сайтында ал издөөдө жүргөн киши катары катталган эмес.

Укук сакчылары 6-мартта Александр Кимге каршы ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгонун айтышкан. Алар Ким аларды ээрчип ыктыяры менен кетпесе күч менен алып кетишээрин билдиришкен.

Александр Кимди камакка алууга аракет болуп жатканын билгенден кийин анын үйүнө юристтер, журналисттер, укук коргоочу Динара Ошурахунова, «Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко жана мурдагы депутат Асия Сасыкбаева келишкен.

Ошол эле күнү кечинде Александр Кимдин үйүнө ЭККМКнын тергөөчүсү Арзыбек Жакишев келген. Ким Каржы полициясына суракка барууга макул болгон.

«Вечерний Бишкектин» кожоюндарынын алмашуусу

Александр Ким «Вечерний Бишкек» басылмасына 2015-жылдын 1-сентябрына чейин ээлик кылган. Соттук териштирүү 2014-жылдын күзүндө өз акцияларын кайтарып алгысы келген басылманын тең кожоюну Александр Рябушкиндин билдирүүсүнөн кийин башталган.

2000-жылы компаниялардын үлүшүн мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган соң Рябушкин «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикондун» акцияларынын жарымынан кол жууган.

Рябушкин келишим кысым астында түзүлгөнүн билдирип, ага «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион долларды өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган.

Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон 50 пайыз акцияларга ээ болгон. Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашылган.

Ким мындай чечимдин артында бийлик тураарын билдирген. Жетекчилик алмашканына нааразы болгон «Вечерний Бишкектин» редакциясынын жарымы кетип калып, өзүнчө «Заноза» басылмасын түзгөн, анын башкы редактору Дина Маслова болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: