Мексикалык архитектор Оскар Асекас 2015-жылдын май айында Стамбулдан Делиге жөнөгөн. Эң арзан авиабилеттерди тандап алууга аракет кылып атып, ал өзү мурда такыр билбеген Бишкек шаары аркылуу транзит менен учуп жөнөгөн.

Оскардын күн тартибинде бир эле буйдала турган жагдай бар болчу — ал Бишкекте 12 саатка токтомок. Бирок окуяларга белен жүргөн Асекас ал убакытты «Манас» аба майданында отура бербей, шаарга чыгып өткөрмөкчү болгон — ырас АКШ паспортунун ээси катары ага визанын кереги жок болчу.

Эртең менен учуп келип, Асекас чек ара көзөмөлүнөн өтүп, такси кармап, Бишкекти барып аралап көрүп, эми өзү айткандай бул шаарга ашык болуп калды. Калганын өзү айтып берсин.

Мындан ары баяндоо Оскар Асекастын атынан анын «Фэйсбуктагы» жазуусунун негизинде жүргүзүлөт. Kloop.kgнин редакциясы тик жана төрт чарчы сүрөттөр үчүн кечирим сурайт – биз аларды ылайыгы келгенде жана мүмкүнчүлүк болгон жерден кадрга батырдык, бирок көпчүлүк учурда жазуунун түп нускалуулугун сактап, сүрөттөрдү өзгөртпөйлү деп чечтик.

***

Мен бул өлкөдө эстен кеткис 12 сааат убактымды өткөрдүм! Бишкек — сонун адамдары бар кызыктуу шаар, мен бул жерге качандыр бир сөзсүз кайтып келем. Бул жерде шаардын өзүнөн эле тоо кыркасы көзгө урунат:

Ала-Тоо аянты:

Азыр жок болуп калган Советтер Союзуна качандыр бир кирип турган өлкө үчүн мүнөздүү имараттар:

Транспорт күтүп отурам:

Өз гидим менен:

Тоолорго баратканда!

Айыл жергесине кире бериш:

Сонун бекен, ээ?

Панорама:

Кооздук! 

Ажайып!

Кандай гана түстөр!

Ушундай узак убакытка токтогону үчүн «Пегасуска» ырахмат:

Суктанасың!

Кайра шаарга:

Бул жердеги адамдар кытайлар менен орустардын аралашмасына окшош:

Музей:

Совет мезгилинин эстеликтерин жазбай тааныса болот!

Жалпысынан шаар токойдо жайгашкандай таасир калат, мейкиндик өтө көп, көчөлөр абдан кенен, аларды бойлото бийик бактар өсүп турат — анын айынан айрым имараттар алыстан көрүнбөйт:

Сейил:

Өкмөттүк имараттар:

Музейдин интерьери!

Базар!

Анан дагы жергиликтүү «кытай-орустардын» сүрөттөрү, айрыкча алардын көзү сулуу (балким сүрөттө анысы көрүнбөй калышы мүмкүн):

Бул жерде кең пейил жана ууртун күлкү уялаган адамдар жашашат. Мамлекеттик тилден тышкары алардын баары орусча да сүйлөшөт:

Kloop.kgнин тең түзүүчүсү Бектур Искендердин комментарийи:

Бектур Искендер

Биз Оскар менен капысынан, ал азыр жашап жаткан Непалга мен барганда таанышып калдык. Непалдын дээрлик бардык жеринде мен Кыргызстан деген эмне экенин түшүндүрүүгө мажбур болдум, бирок Оскар биздин өлкө тууралуу билген жападан-жалгыз адам болчу.

Анын Бишкекте транзит менен баратып өткөргөн 12 сааттык убактысы тууралуу баяны мени аябай шыктандырды. Мен Кыргызстанга кантип назар буруш керек деп улам эле адаттан тыш жана жаңы ыкмаларды ойлоп тапканга аракет кыла берем жана алардын бири — аба майданында эң ыңгайлуу транзит түзүү.

Тилекке каршы, бул үчүн инфратүзүм өтө эле чабалдык кылат. Эгерде, мисалы, Түркиянын «Ататүрк» аба майданында рейс күтүп отургандарга Стамбулду көргөзгөн акысыз турлар сунуш кылынса, Бишкекте ал тургай «Манас» аба майданы аркылуу транзит менен учса болоору көбүнүн түшүнө да кирбейт.

Оскар тобокелге салып «Манастагы» таксисттерге ишенип, тааныбаган шаарга чыкмак болгону — сейрек кездешкен көрүнүш, бирок андай учурлар менимче арбырынаак болушу зарыл.

Оскардын баянындагы дагы бир өтө маанилүү жагдай — ага виза керек болбогону. Кыргызстан дүйнөнүн өлкөлөрү үчүн улам ачыгыраак болушу керек, мен мунун зор артыкчылык катары гана көрөм, мексикалык архитектордун баяны муну тастыктап турат.

Оскар мага «Фэйсбуктагы» өзүнүн отуздай сүрөт кошулган килтейген жазуусун көрсөткөндө мен аны которуп, «Клоопто» мүмкүн болушунча редакцияланбаган түрүндө чыгарууну чечтим.

Анын жазуусу биздин өлкөгө тыштан караган көз караш катары абдан кызык — биз ага чынында анча көнө элекпиз. Биз анын бардык туюмдарын жана ал тургай айрым каталарын калтырып койдук — мисалы, 2010-жылдагы революцияга арналган эстеликти ал советтик эстелик деп алыптыр, бирок ушунун өзү эле көп нерсени айтып турбайбы!

Эгерде силер Кыргызстанды капысынан байкап калган чет элдиктердин окуяларын билсеңер, аларды менин почтама жазгыла: bektour@kloop.kg