Президенттин өкүлү: Атамбаев «Ата Мекенди» «сасыган» партия деп айткан эмес

Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекендин» президент Алмазбек Атамбаевге каршы доосу боюнча отурум өттү. Партия президенттин кемсинткен сөздөрү үчүн кечирим сурашын талап кылат жана ал партиянын ишкердик аброюна зыян келтирди деп эсептейт. Сот азырынча бул иш боюнча эч кандай чечим чыгара элек, отурум 27-мартка жылдырылды.

Президенттин өкүлү Айжан Кадырова соттук жыйында Атамбаевдин «сасыган» партия тууралуу сөздөрү «Ата Мекенге» багышталбаганын айтты. Бирок ал бул сөз тиешелүү болгон партияларды атай алган жок, алардан сотко доо арыз түшпөгөнүн билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайкүл Токтакунованын айтымында, негизгиси — «Ата Мекен» талоончулардын партиясы эмес экенин далилдөө.

Сот азырынча бул иш боюнча эч кандай чечим кабыл ала элек, кийинки отурум 27-мартта болот.

«Ата Мекен» партиясы 2017-жылдын 7-мартында президент Атамбаевди сотко берген. Партия өкүлдөрү президенттин «сасыган» партия жана «талоончулар» тууралуу сөздөрүн кемсинтүүчү катары табышкан.

Доо арыз 10 пункттан туруп, аларда юристтердин пикири боюнча партиянын жана анын башчысынын ишкердик беделине шек келтирген президенттин сөздөрүнүн баары саналып чыккан.

Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсү

Президент Текебаев менен тирешип жатып «Ата Мекенди» сынга алган.

Тирешүү Текебаев жана парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын бардык депутаттары Атамбаев Конституцияга сунуш кылган түзөтүүлөргө каршы чыгышканда башталган.

Текебаев Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу маалыматты ачыкка чыгара баштаган. Ал анын Кой-Ташта салынып жаткан үйү жана Кипрдеги мүлкү тууралуу айтып берген.

Текебаев ошондой эле март айында президентке каршы импичмент жарыялоо боюнча иштерди баштоону пландап жаткан.

Оппозициячы кызмат сапарынан кайтып келатканда, «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.

Андан бир күн мурда ага каршы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсүнө байланыштуу «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский «Мегаком» уюк операторун башкарууга жеткилик алууга жардам бериши үчүн Текебаевге 2010-жылы пара бергенин билдирген.

Текебаевдин тарапкерлери УКМКнын алдына нааразылык акциясына чыгып, аны бошотууну талап кылышкан. Бирок митингдерге карабастан, Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.

Авторлошу: Анна Капушенко
Сүрөт: Данил Усманов


ТЕМА БОЮНЧА: