Акыйкатчы институтунун жол тандабасы «каражаттын жоктугунан» тротуарда каралбай турат

Акыйкатчы институтунун демөөрчүлүк каражаттарга сатып алынган «Тойота Лэнд Крузери» мекеменин жанындагы тротуарда былтыркы жайдан бери турат. Институтта аны пайдаланганга каражат жок.

Жапан автоунаасы «демөөрчүлөрдүн акчасына» 2013-жылы сатып алынып, аны ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун бир аз убакыт пайдаланган.

Бирок жок эле дегенде акыркы бир жыл бою ал дөңгөлөктөрүнүн жели чыгып, акыйкатчы институтунун имаратынын жанында тротуарда жылбай турат.

Муну мекеменин өз кызматкерлери да, маңдайдагы кафеде иштеген кишилер да тастыкташты.

«Автоунаа иштебеген абалда турат. Каражат тапсак эле бул маселени чечебиз», — деди Kloop.kg менен болгон маекте акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Мухаббат Карабаева.

Акыйкатчы институту автоунааны «эски» деп андан кутулгусу келип турган чагы. Ал үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун чечимин күтүш керек.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев автоунаа маселесин Kloop.kgнин журналисттери менен талкуулоодон баш тартып, аны «бул маселени чечүүгө убактым такыр жок» деп түшүндүрдү.

Бирок Соода-өнөр жай палатасынын комитет төрагасы Кубат Рахимов маселе алда канча олуттуураак деп эсептейт.

«Эгерде бул автоунаа мамлекеттик органдын балансында турса, мамлекеттик мүлккө карата мындай чарбасыздыкка ким жол берип жатат? Эмне үчүн экотехкөзөмөл техникалык суюктугу агып жаткан транспорт каражаты тура беришине жол берип жатат?» — деп жазды ал «Фэйсбукта».

Рахимов автоунаа тротуарга коюлуп, жол эрежесин бузуп жөө кишилерге жолтоо болгонуна да ачуусу келди.

Kloop.kgнин журналисттеринин суроосуна жооп иретинде патрулдук милиция жол тандабастын жагдайларын такташ үчүн өз кызматкерлерин жөнөттү.

Качан милиция кызматкерлери ал жерге келгенде Kloop.kgнин кабарчылары акыйкатчы институтунун жанында болушкан. Алардын экөө өзүн тааныштыруудан жана күбөлүгүн көрсөтүүдөн «көрсөткүбүз келбейт» деп баш тартып коюшкан.

Андан кийин милиция кызматкерлери кызматтык автоунааны фотосүрөткө тартып, акыйкатчы институтунун күзөтчүсү менен сүйлөшүп, эч кандай чара көрбөстөн кете беришкен.

Авторлошу: Алина Пак