Атамбаев: Мен «Азаттыкка» каршы доо арыздар боюнча эл аралык сотторго чейин жетүүгө даярмын

Президент Алмазбек Атамбаев өз ар-намысын коргоп ЖМК менен соттошууну улантаарын билдирди. Ал саясатта калууга ниеттенүүдө, бирок өкмөттө же парламентте кызмат ээлейин деген ою жок.

Атамбаев 2005-жылдын 24-мартында биринчи президент Аскар Акаевди кызматтан кетирген «Жоогазын революциясына» арналган эстеликтин ачылышында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өз сөзүндө президент «Азаттык» үналгысынын журналисттерине каршы доо арыздары боюнча эл аралык сотторго чейин жетүүгө даяр экенин билдирди. Атамбаевдин пикиринде, алар «Занозадагы» кесиптештери менен кошо «жалаакорлор жана өлүк жегичтер». Ошолордун айынан анын энеси жана агасы көз жумганын да айтып өттү президент.

«Мен “Азаттык” үналгысы боюнча эл аралык сотторго чейин жеткенге даярмын. “Азаттык” үналгысы жакшы сабак алып чыгат. Мен ден соолугумду оңдоп алдым, Америкага барып, Трамп менен сүйлөшөйүн деп атам, анткени мындайды токтотуш керек. Кантсе да мен журналистика — бул атайын жалаа эмес, калыс, чынчыл маалымат деп эсептейм», — деди президент.

Атамбаев соттон утуп алса акчасын балдар онкологиясына же «биздин» журналисттерге өткөрүп берээрин билдирди.

«“Азаттыктын” бюджети жүздөгөн миллион доллар. Мен андан көрө бул доо арыздан түшкөн акчаны биздин журналисттерге, балдар онкологиясына берем. “Заноза” да гранттарды алат», — деди ал.

«Мен премьер-министр болбойм»

Журналисттерге карата пландарынан тышкары, Атамбаев саясий кызматты ээлебей турганын да айтты.

«“Сен саясат менен алек болбосоң саясат сени менен алек болот” деген сөздү эстей жүрүш керек. Мен премьер-министрдин же парламент спикеринин кызматын ээлейин деген ниетим жок. Калгым келсе калмакмын. Бирок бизде кыйла бышык, премьер-министр, президент, спикер болуп иштегиси келген саясатчылар жетиштүү деп ойлойм», — деди ал.

Президент өзүн колдогон социал-демократтар партиясын «жаңыртып», «тазалап» чыкмакчы.

«Мен өз президенттик КСДП партиясынын маселелери менен алек болом. Ага көп күч жумшалган, ал жаңырып, тазаланышын каалайт элем, бирок мен кайсы бир кызматка турушумдун кереги жок», — деп сөзүн жыйынтыктады Атамбаев.

Атамбаев менен ЖМКнын тиреши

Алмазбек Атамбаев бийлик менен оппозиция Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр боюнча тиреше баштагандан тартып журналисттерди катуу сынга алып кирген.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева 7-мартта «Азаттык» менен «Занозага» каршы президент тууралуу «жалган маалыматтарды таратканы үчүн» доо арыз берген. Моралдык чыгымдын компенсациясы катары башкы прокурор «Занозадан» 9 миллион сом, «Азаттык» үналгысынан 20 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Доо арызга бул маалымат каражаттарында Бишкектин жанында кулап түшкөн учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү экенин айткан оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйыны тууралуу материалдар чыкканы себеп болгон.

Экинчи доо арыз бул маалымат каражаттары Атамбаев Кипрде мүлкү бар экенин айткан оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин сөзүн чыгарганы үчүн берилген.

Бирок журналисттер өздөрүнө коюлган айыптарды негизсиз деп эсептешет, анткени алар юристтер менен депутаттын айтканын сөзмө сөз келтиришкен.

Үч миллион сомдук доо арыз берилген «Занозанын» тең түзүүчүсү Нарын Айып президент өз ыйгарым укуктарынан аша чаап жатат деп эсептейт.

«Күч органдарынын баары президенттин колунда, бул тең салмактуулук эмес. Сотторду президент дайындайт, УКМКнын төрагасы президент дайындайт, башкы прокурорду дагы, тең салмактуулук бузулган абал эмитен эле түзүлдү», — деди ал.

Ленин райондук соту «Заноза» менен «Азаттык» Атамбаев менен соттошуп жатып утулуп калышса алардан керектүү сумманы өндүрүп алыш үчүн алардын эсептерин камакка алды.

Авторлоштору: Александра Титова, Алина Пак, Сезим Каныбекова


ТЕМА БОЮНЧА: