Нурлан Насип "Холокост" эстелигинде түшкөн сүрөтү үчүн кечирим сурады

Кыргыз ырчысы Нурлан Насип өз «Инстаграмында» Холокосттун курмандыктарына арналган эстеликтин жанында сүрөткө түшкөнү үчүн кечирим сурады.

Насип өз «Инстаграмында» ал сүрөтү бар постун өчүрүп, эч кимди таарынткысы келбегенин билдирип кечирим сурады.

«Менин эч кандай жаман ниетим деле болгон эмес. Бул сүрөттү туура эмес түшүнүп алган болсоңор кечирим сурайм. Биз Европада ушул жерде жүргөн мекендештерибиздин маанайын көтөрүш үчүн концерт бергени эле жүрдүк», — деп жазды ал.

Ырчы Германияга барып келген соң жарыяланган, Холокосттун курмандыктарына арналган эстеликтин фонундагы Насиптин сүрөтү сын пикирлерди пайда кылды.

Коомдук түйүндөрдүн колдонуучулары анын «жосунсуз» экенин айтып, ырчыны тарыхты билбегендиги үчүн айыптап чыгышты.

Холокосттун курмандыктарына арналган Берлиндеги эстелик — нацизмдин курмандыктары болгон жөөттөргө арналган, адамдар эң көп келген комплекс. Ал 2005-жылы орнотулган.

Туристтер эстелик эмнеге тургузулганын билбегендиктен, анын фонунда зоок кылып сүрөттөргө түшкөн учурлар көп кездешет.

Бул маселе Европада кеңири талкууга алынган. Андан кийин израилдик сүрөтчү-сатирик Шахак Шапира Yolocaust деген фотоколлаждар долбоорун ишке киргизген.

Ал эстеликтин жанында сүрөткө түшкөн кишилердин сүрөтүн алып, артындагы фонун Холокосттун чыныгы кесепеттеринин сүрөттөрүнө алмаштырган.