Сот КТРКнын имаратынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салды

Ленин райондук соту оппозициячыл Сөз эркиндигин коргоо комитетине Кыргыз коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жанында митинг өткөрүүгө тыюу салды. Нааразылык акциясы 28-мартка пландалган, уюштуруучулар тыюуга каршы сотко даттанышат.

КТРКнын жанындагы митинг оппозиция башчыларынын кармалышына, ошондой эле «Заноза» жана 24.kg интернет-басылмаларына жана «Азаттык» үналгысына каршы берилген бийликтин доо арыздарына жооп иретинде өткөрүлмөк.

КТРКнн имараты бийликти сындагандардын пикиринде коомдук сыналгы өлкөдөгү окуяларды «калыс чагылдырбай» жатканы үчүн тандалып алынган.

Бирок Бишкектин Ленин райондук соту башкалаанын КТРК жайгашкан Ленин районунун аймагында митинг өткөрүүгө 8-апрелге чейин тыюу салды.

Сот өз чечимин «коомдук коопсуздукту камсыз кылуу» зарылдыгы менен түшүндүрдү, бирок митингдин уюштуруучулары мындан бийликтин өз сынчыларына карата кезектеги кысымын көрүп турушат.

Комитеттин мүчөсү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Ленин райондук сотун «чөнтөк сот» деп, ал эми анын чечимин «мыйзамсыз» деп атады.

«Мындан жогорку баскычтагы сотко кайрылып, эмне болсо да [митинг] өткөрөбүз!» — деп жазды ал «Фэйсбукта» .

Сөз эркиндигин коргоо боюнча комитеттин башчысы Адил Турдукуловдун айтымында, КТРКнын алдындагы митинг соттун чечимин арызданганга чейин өткөрүлбөйт.

Турдукулов Бишкекте 18-мартта болуп, катышуучуларынын бешөө камакка алынган сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн катышуучуларынын бири болгон.

Камакка алуу кыргыз укук коргоочуларынын да, эл аралык коомчулуктун да сынына кабылган.


ТЕМА БОЮНЧА: