Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылды, бирок депутат боюнча кала берет

Социал-демократтар депутат Жанар Акаевди «позициялар дал келишпегендиктен» өз парламенттик фракциясынан чыгарышты. Бул Акаев сөз эркиндиги үчүн жүрүшкө катышкан соң беш күндөн кийин болду.

КСДПнын депутаты Марат Аманкулов Акаевдин фракциядан чыгарылганы тууралуу маалыматты ырастады.

«Акаевдин позициясы фракциянын позициясы менен туура келбейт, андыктан ал КСДПнын курамынан чыгарылды. Эмне үчүн саясий кеңеш бул маселени Акаевди катыштырбастан караган? Балким ал өзү катышкысы келбесе керек», — деди Аманкулов K-News менен болгон маекте.

Акаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Акаев Бишкекте 18-мартта болгон сөз эркиндиги үчүн жүрүшкө катышкан көпчүлүк коалициянын бирден-бир депутаты болчу.

Ал жүрүштүн катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевди кескин сынга алышканына карабастан ошого барган.

Ага чейин Акаев социал-демократтардын арасынан ЖМКга басым күчөп бараткан шартта журналисттердин таламын талашкан бирден-бир депутат болгон.

«Саясатчылар ушак, жалган маалымат таратышат, кутумга аралашат. Журналисттер ошол жөнүндө жазышат. Эгерде алар ошого жооп бере турган болсо анда саясатчылар да жооп бериши керек. Ошондой болууга тийиш. Журналисттер тигил же бул маалыматтарды асмандан алып эле жаза коюшту деп бир жактуу айткан туура эмес», — деген ал.

Мурда «Азаттык» үналгысында иштеп кеткен Акаев өзүнүн КСДП фракциясын да нечен жолу сындаган.


ТЕМА БОЮНЧА: