ИИМ: Жапаровдун 60тан ашык тарапташы бир канча күн камакта калат

Мурдагы депутат Садыр Жапаровду колдогондордун митингинде кармалган 64 адам убактылуу кармоочу изолятордо (УКИ) эки күндөн беш күнгө чейин болот. Милициянын кабарлашынча, 105 демонстрант кармалып, алардын бир бөлүгү коё берилген.

Биринчи май райондук соту Жапаровдун 64 тарапташы эки күндөн беш күнгө чейин изолятордо кармалат деп чечкен. Дагы 12 демонстрантка административдик штраф жазылган.

«Акциянын калган катышуучулары менен профилактикалык сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп, алар үйлөрүнө коё берилген», — деп кабарлады ИИМдин басма сөз борборунан.

Милиция «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Андан тышкары дагы бир жаран автобусунун эшик-терезелерине зыян келтиргени үчүн демонстранттардын үстүнөн арыз жазган. «Митингдин эң активдүү 12 катышуучусуна» каршы «мүлккө чыгым келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, УКИге киргизилген.

Жабыр тарткандардын арасында милиция кызматкерлери да бар. Митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы тирешүү учурунда беш милиционер денесинен зыян тарткан. Алар азыр соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүүдө.

Митинг боюнча тергөө иштери азырынча уланып жатат. Тергөөнү Бишкек ШИИБ менен Биринчи май РИИБинин атайын тобу жүргүзүүдө.

Жапаровдун колдогон митинг

Милиция Садыр Жапаровду колдогондордун митингин кууп таратты

Мурдагы депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг УКМКнын алдында 25-мартта өткөн. Бир нече саат бою демонстранттар Жапаровдун бошотулушун жана бийликтен оппозицияга басым жасоосун токтотууну талап кылышкан.

2013-жылы депутаттык мандатынан ажыраган Жапаров Кыргызстанга УКМКда көрсөтмө бериш үчүн кайтып келген болчу. Бирок бийлик өкүлдөрү аны кыргыз-казак чек арасында күтүп, саясатчы чек арадан өтөөрү менен кармап кеткен.

Ага «Кумтөр» ишканасынын улутташтырылышы үчүн өткөн митингди каржылоо жана Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди 2013-жылы туткунга алуу боюнча айып тагылган.

Жапаровду УКМКнын имаратына алып барганга чейин ал жерде саясатчынын 500дөй тарапташы чогулуп турган.

Саат 16:00да демонстранттар менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. Бул саатта Жапаровду сурактан чыгарышы керек болчу, бирок бийлик аны сурактан чыгарган эмес.

Жапаровдун агрессивдүү маанайдагы каршылык көрсөткөн тарапташтары милициянын тосмосун бузуп өтүп, укук коргоочуларга пластик бөтөлкөлөрдү жана таштарды ыргыта баштаган. Буга жооп иретинде укук коргоо органдары түтөмө гранаталарды колдонуп, абага бир нече эскертүүчү ок чыгарган. Андан соң демонстранттарды кармоо башталган.