«Боинг-747нин» кыйрашы: учкучтар экинчи айлампага өтө эле кеч чыгышкан

Эл аралык авиациялык комитет (ЭАК) Бишкектеги «Манас» аба майданынын жанында быйыл январда «Боинг-747нин» кулашы жөнүндө баштапкы отчётун жарыкка чыгарды. Андан белгилүү болгондой, учкучтар бийиктик өтө эле жетишсиз болуп калганына карабастан экинчи айлампага учуп чыгууга аракет кылышкан.

Азырынча бул авиакырсыктын себеби катары айтыла элек болсо да, ЭАКтын отчёту жүк ташуучу «Боинг-747нин» учкучтары өтө эле жапыз учуп баратып экинчи айлампага чыгышканын, ошондон кийин алардын кемеси аба майданынын батыш тарабындагы Дача-СУ кыштагына кулап түшкөнүн ырастайт.

Учкучтар аба кемесин коопсуз кондура алаарына көзү жетпесе да экинчи айлампага чыгышкан: мындай учурда алар учакты жогорулатып, айланып келип кайра конууга аракет кылышат.

Түрк «Боингинин» учкучтары ошондой амалга ишенич артышкан, бирок ЭАКтын баштапкы отчётунда айтылгандай, алар калың тумандын айынан аба майданынын жердеги белгилерин көрбөй калышкан.

Мындай учурларда «Боинг-747лерди» кондуруу эрежелерине ылайык учкучтар эгерде аба кемеси 100 футтан (30 метрден) төмөн барататкан болсо конуу жөнүндө чечимди өзгөртө алмак эмес.

Бирок учкучтар өз чечимин 58 фут (17 метр) бийиктикте өзгөртүшкөн, ал учактын кайра бийикке көтөрүлүшү үчүн жетишсиз болчу.

Экинчи айлампага чыгууга аракет кылган соң 3,5 секунддан кийин учак жерге тийген.

Кырсыктын натыйжасында төрт кишиден турган экипаждын баары жана дача кыштагынын 35 тургуну мерт болгон.

Кыштак өтө эле жакын

Өз отчётунда ЭАК «Манас» аба майданынын жанында калктуу конуш жайгашканына өзгөчө көңүл бурду.

ЭАК «Манас» аба майданынын администрациясына «аба майданынын так эле жанында имарат салуу канчалык туура экенин талдап көрүүгө» кеңеш берди.

ЭАК кыйроонун документациясын, борттогу жана жердеги көзөмөл каражаттарынын жазууларын талдоону улантат.

Учактын борттук компьютердик башкаруу блогу АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук комитетине иликтөө иштери үчүн жеткирилди.

Ал иштер аяктагандан кийин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду отчёт чыгарылат, бирок анын качан жарык көрөөрү так белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: