Видео: Кыргыз милиция кызматкерлерин кантип иштетсе болот?

Бишкек видеоблоггери Орозбек Бейшеналы уулу кайгуул милициясынын инспекторун жолчырагы иштебеген кесилиште жол кыймылын жөнгө салууга мажбур кылды.

Садыгалиев көчөсү менен Дэн Сяопин проспектинин кесилишинде жолчырак бузулуп калганда, күтүлгөндөй эле автоунаалардын кыймылы чаташып калды.

Дал ошол учурда кесилиштин жанында кайгуул милиция кызматкерлери иштеп жатышкан. Кыймылдын маселесин чечкендин ордуна алар айдоочуларды токтотуп, документтерин текшере беришти.

Ошол жакта болуп калган видеоблоггер Орозбек Бейшеналы уулу милиция кызматкерлерин кадимкидей эле жол кыймылын жөнгө салууга көндүргөнүн таң каларлык видео кылып тартты:

Видео 24-мартта чыккан, бирок көргөндөр аз болуп татыктуу баасын ала албай жатат.

Ошого карабастан, «Спутник» кабарлагандай бул факты боюнча кайгуул милиция бакшармалыгы ички иликтөө баштады.


ТЕМА БОЮНЧА: